• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чет өлкөлүк инвестициялар көбүнчө Бишкекке жана Жалал-Абад облусуна түшөт – Панкратов

Экономика 0

Бишкек, 29.08.18./Кабар/. Чет өлкөлүк инвестициялар көбүнчө Бишкекке жана Жалал-Абад облусуна түшөт. Бул тууралуу экономика министри Олег Панкратов өкмөттүн отурумунда билдирди.

Анын айтымында, инвестициялар башка аймактарга аябай аз өлчөмдө түшөт.

“Биздин ишкерлер үчүн насыя алуунун негизги булагы Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду экенин белгилеп өтүү керек. Бирок анын капиталы бардык керектөөлөрдү канааттандыра албайт. Андыктан тиешелүү чараларды көрүү керек, анын ичинде мамлекеттик банктарды капиталдаштырып, алардын багытын аныктоо керек”, - деди Панкратов.

Аймактар боюнча министр жергиликтүү калк жана инвесторлор менен иш жүргүзүү маанилүү деп эсептейт.

Пикир

Оставить комментарий