• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүү агымы 2,5 эсеге көбөйдү

Экономика 0

Бишкек, 15.06.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын январь-март айларында өлкөгө түз чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүү агымы 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, үч айдагы инвестициялык агымдын өлчөмү 278 млн АКШ долларын түздү.

Чет өлкөлүк инвестициялар негизинен өндүрүш ишканаларына, кен казуу, геологиялык чалгындоо ишканаларына, дүң жана чекене соодага, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө, ошондой эле маалымат жана байланышка багытталган.

КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келип түшкөн түз чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 2,2 эсеге, ал эми КМШ өлкөлөрүнөн түшкөн инвестициялардын көлөмү 4,1 эсеге көбөйдү. Россиядан келген инвестициялар 7,8 эсеге, Азербайжандан 6,8 эсеге жана Казакстандан 1,5 эсеге өскөн.

Бул аралыкта тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 1,7 эсеге кыскарып, 284 млн АКШ долларын түздү.

Пикир

Оставить комментарий