• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүү агымы эки эсеге көбөйдү

Экономика 0

Бишкек, 09.09.22. /Кабар/. 2022-жылдын январь-июнунда 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүү агымы 2 эсеге көбөйүп, 628 млн АКШ долларынын ашыгын түздү.

Улуттук статистикалык комитеттен кабарлашкандай, муну менен бирге келип түшүү агымы чыгып кетүү агымынын деңгээлинен 145 млн АКШ долларынан ашты.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын түзүмүндө өткөн жылдын I жарым жылына салыштырмалуу бардык түзүүчүлөрдүн келип түшүүсүнүн көбөйгөнү белгиленди, резидент эместерден алынган кредиттерди кошпогондо, алардын көлөмү 29,8 пайызга кыскарды.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги көлөмү (94 пайызы) иштетүү өндүрүш ишканаларына, пайдалуу кендерди казуу, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө, дүң жана чекене соодага, ошондой эле маалымат жана байланышка багытталган. Муну менен бирге, багытталган инвестициялардын көлөмү иштетүү өндүрүш ишканаларында - 5,3 эсеге, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүндө – 2,8 эсеге, дүң жана чекене соодага – 2,5 эсеге, пайдалуу кендерди казуу ишканаларында – 18,9 пайызга көбөйдү, ошол эле убакта маалымат жана байланыш ишканаларында – 14,2 пайызга төмөндөдү.

КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмдөрү 2021-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 1,8 эсеге көбөйдү, бул негизинен, алардын Канададан 55,7 эсеге (иштетүү өндүрүшү), Люксембургдан – 55,1 эсеге (финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу), Япониядан – 2,8 эсеге (финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу), Швейцариядан – 2,3 эсеге (финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу, пайдалуу кендерди казуу), Кипрден – 1,9 эсеге (иштетүү өндүрүшү), Кытайдан – 26,6 пайызга (пайдалуу кендерди казуу, иштетүү өндүрүшү, дүң жана чекене соодага) өсүшүнүн эсебинен жүрдү.

Келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы көлөмүндөгү эң чоң салыштырма салмак Канадага (25,0 пайызы), Кытайга (20,6 пайызы), Түркияга (6,1 пайызы), Нидерландга (5,7 пайызы) жана Улуу Британияга (5,4 пайызы) туура келет.

КМШ өлкөлөрүнөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшкөн көлөмү 2021-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 2,6 эсеге көбөйдү, бул алардын Россиядан 3,7 эсеге (иштетүү өндүрүшү, дүң жана чекене соода), Казакстандан – 1,6 эсеге (финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу, дүң жана чекене соода) алардын өсүшүнүн эсебинен болду.

Келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 2021-жылдын I жарым жылына салыштырмалуу Жалал-Абад облусун кошпогондо, бардык региондордо көбөйдү.

Өткөн мезгилде келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы көлөмүндөгү эң чоң салыштырма салмак Бишкек шаарынын ишканаларына - 27 пайыздан ашыгы, Ысык-Көл облусуна – 24 пайыздан ашыгы, Чүй облусунун ишканаларына - 21 пайызга жакыны, Талас облусунун – 12 пайызы, Жалал-Абад облусунун ишканаларына – 12 пайызга жакыны туура келди.

2022-жылдын январь-июнунда 2021-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 11,8 пайызга кыскарды жана 483 млн. АКШ долларынын ашыгын түздү.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын түзүмүндө 2021-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу бардык түзүүчүлөрдө чыгып кетүү агымынын менчик капиталы, ошондой эле кайра инвестицияланган пайданын азайышы белгиленди. Муну менен катар, соода кредитинин чыгып кетүү агымы жана резидент эместерден алынган кредиттердин көбөйүшү белгиленди (мурда алынган кредиттерди кайтаруу).

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги чыгып кетүү агымы (93 пайыздан ашыгы) пайдалуу кендерди казуу ишканаларында, иштетүү өндүрүшү, геологиялык чалгындоодо, ошондой эле финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу ишканаларынан байкалды. Муну менен бирге, инвестициялардын чыгып кетүү агымы иштетүү өндүрүшүнөн 5,4 эсеге төмөндөсө, геологиялык чалгындоодон – 2,5 эсеге, ал эми пайдалуу кендерди казуу ишканаларында, тескерисинче, 12,8 эсеге, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу ишканаларынан – 1,4 эсеге көбөйдү.

КМШдан тышкаркы өлкөлөргө тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 2021-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 6,2 пайызга кыскарды, бул негизинен, алардын Канадага (2 663,5 эсеге), Швейцарияга (3,6 эсеге) жана Нидерланддан (2,3 эсеге) азайышынын эсебинен болду. Муну менен катар, инвестициянын чыгып кетүү агымы Түркияга - 14,5 эсеге көбөйдү.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымынын жалпы көлөмүндөгү эң чоң салыштырма салмак Түркияга (49,9 пайызы) жана Кытайга (33,8 пайызы) туура келет.

КМШ өлкөлөрүнө тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 2,5 эсеге төмөндөдү, бул инвестициялардын Россияга (3,4 эсеге) чыгып кетүү агымынын төмөндөшүнүн эсебинен болду. Муну менен катар, инвестициянын чыгып кетүү агымы Казакстанга - 37,4 пайызга көбөйдү.

2021-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу Жалал-Абад, Ош жана Талас облустарынан башка, бардык региондордо тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымынын төмөндөгөнү белгиленди.

Үстүбүздөгү жылдын I жарым жылдыгында чыгып кеткен тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмүндөгү эң чоң салыштырма салмак Жалал-Абад облусунун ишканаларына – 72 пайыздан ашыгы, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун ишканаларына - 13 пайыздан ашыгы туура келди.

Пикир

Оставить комментарий