• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чет өлкөлүк ишкерлерге Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрү сунушталды

Экономика 0

Чолпон-Ата, 21.07.18. /Кабар/. Чолпон-Атада бүгүн эртең менен “Ысык-Көл 2018” V Эл аралык экономикалык форуму башталды.

Бизнес аянтчанын ачылышында комуздун коштоосунда ырлар жаңырып, Бириккен Араб Эмираттары, Кытай, Россия, Казакстан жана Өзбекстандан келген конокторду жагымдуу маанайда тосуп алышты.

Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов форумду ачык деп жарыялап, жакынкы жана алыскы өлкөлөрдөн келген инвесторлор менен жылуу учурашып, КР өкмөтүнүн ишкерлерди колдоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери тууралуу айтып берди.

“Бул жерде Евразия экономикалык комиссиянын да өкүлдөрү болгондугу мени абдан кубандырды. Өзүңүздөр билгендей, форумдун алкагында Евразия биримдигинин идеясына 2025-жылга чейин жооп бере турган инновациялык долбоорлор сынагынын жарым финалы болот. Кыргызстан үчүн бул сыймык”, - деди биринчи вице-премьер министр.

Андан тышкары Боронов форумдун катышуучуларына 2018-жыл КР президентинин жарлыгы менен региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялангандыгын кошумчалады. Ага ылайык экспорттук потенциалды колдоого, орто жана чакан ишкерликке, инвестицияларды тартууга, өлкөнүн аймактарынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө зор көңүл бурулууда деди.

Пикир

Оставить комментарий