• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чет өлкөлүк лидерлер Кыргызстандын элин жана Жапаровду Эгемендүүлүк күнү менен куттукташты

Саясат 0

Бишкек, 31.08.21. /Кабар/. Бир катар чет өлкөлүк лидерлер Кыргызстандын элин жана президент Садыр Жапаровду Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен куттукташты, - деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин куттуктоосу:

«Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата Кытай өкмөтүнүн жана элинин атынан, ошондой эле жеке өзүмдүн атымдан Сизге жана достук мамиледеги Кыргызстан элине чын жүрөктөн чыккан каалоолорду билдирүү мен үчүн чоң сыймык.

30 жылдын ичинде Кыргызстан өнүгүүнүн татаал жолун басып өттү жана эл аралык коомчулуктун маанилүү мүчөсү болуп калды. Ынак коңшу, жакшы дос жана ишенимдүү өнөктөш катары Кытай Кыргызстандын көз карандысыздыгын, эгемендүүлүгүн жана коопсуздугун камсыздоо үчүн жүргүзгөн бардык саясий багыттарды чечкиндүү колдоону улантат, Кыргызстандын ички ишине ар кандай тышкы күчтөрдүн кийлигишүүсүнө каршы турат.

Сиздин бекем жетекчилигиңиз астында кыргыз эли мамлекетти курууда жана улуттук кайра жаралууда жаңы ийгиликтерге жетет деп ишенем. Ушул жылдын февраль айында биз телефон аркылуу сүйлөшүп, эпидемияга каршы күрөшүү боюнча кызматташуу тууралуу маанилүү бир пикирге келдик.

»Бир алкак — бир жол« жана башкаларды биргелешип куруу, эпидемиянын шартында кытай-кыргыз мамилелеринин өнүгүшүнүн келечеги үчүн чон максаттарды белгиледик.

Бул келишимдер натыйжалуу аткарылып жатканына кубанычтамын. Кыргызстан менен болгон мамилени өнүктүрүүгө көбүрөөк көңүл буруп, мен Сиздер менен биздин өлкөлөрдүн жана элдердин жыргалчылыгы үчүн ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн кытай-кыргыз мамилелерин жаңы деңгээлге көтөрүү үчүн биргелешкен аракеттерди көрүүгө даярмын.

Кыргызстанга гүлдөп өнүгүүнү, ал эми элине бакыт-таалай жана бакубаттык каалайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын куттуктоосу: «Сизди жана Кыргызстан элин Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнү менен чын дилимден куттуктайм. Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгын алгачкылардан тааныган өлкө катары отуз жыл ичинде болуп келгендей эле Кыргызстандын туруктуулугу жана бейкуттугун чыңдоо үчүн болгон колдообузду уланта бермекчибиз. Орток тил, маданий жана тарыхый байланыштар аркылуу дагы да чыңдалуу менен катар, стратегиялык деңгээлде уланган мамилелерибиздин алдыдагы мезгилде өз ара пайда жана түшүнүшүүнүн негизинде дагы да өнүгө берерине болгон ишеничим бекем. Үстүбүздөгү жылдын 9-июнунда Анкарада болуп өткөн жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин 5-жыйынында талкуулаган темалардын алкагында жаңы кадамдарыбыз кызматташтыгыбызды дагы да жемиштүү жана күчтүү кылары шексиз», — деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Түркия Президенти Садыр Жапаровго бекем ден соолук, бакыт-таалай, ал эми Кыргызстан элине амандык жана бакубаттык каалады.

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Джозеф Байдендин куттуктоосу: «АКШ атынан эгемендүүлүктүн отуз жылдыгын белгилеп жаткан Кыргызстан элине эң жакшы каалоолорумду билдиргим келет. АКШ Кыргыз Республикасынын суверинитетин, көз карандысыздыгын жана территориалдык бүтүндүгүн жактоосун улантат. Кошмо штаттары Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн алгачкы күндөрүнөн тартып өнөктөш болуп келет. Биздин эки тараптуу стратегиялык приоритеттүү маселелерибизди алдыга жылдырудан сырткары, регионалдык тапшырмаларды чечүү боюнча С5+1 дипломатиялык платформасынын алкагында тыгыз иштегенибиз менен биз сыймыктанабыз.

Алдыдагы жылдарда Борбор Азияда тынчтык жана өнүгүүнү жылдыруу жана климаттык каатчылык өңдүү глоболдык чакырыктарга чечимдерди иштеп чыгуу максатында биздин өлкөлөрүбүз эки тараптуу өнөктөштүк мамилени мындан ары дагы улантат деп ишенем», — деп айтылат куттуктоо билдирүүсүндө.

Эки ыйык жайдын кызматчысы, Сауд Аравиясынын Королу Салман бин Абдулазиз Аль Сауддун куттуктоосу: «Сиздин өлкөнүн Көз карандысыздыгын майрамдоого байланыштуу Сауд Аравия Королдугунун Өкмөтүнүн, элинин жана жеке өзүбүздүн атыбыздан чоң канааттануу менен Сизди чын дилден куттуктап жана ден соолук, бакыт каалоолорубузду, ал эми бир тууган Кыргызстан эли менен Өкмөтүнө мындан аркы өнүгүү жана гүлдөп өсүүнү кааларыбызды билдиребиз», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Ошондой эле, мураскор ханзаада, Министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары, Сауд Аравиясынын коргоо министри Мухаммад бин Салман бин Абдульазиз Аль Сауд Президент Садыр Жапаровго Кыргызстандын Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына байланыштуу куттуктоосун жолдоду.

«Сизге чын дилимден куттуктоомду жолдоп, ден соолук жана бакыт, ал эми бир тууган Кыргызстан эли жана Өкмөтүнө мындан аркы өнүгүү жана гүлдөө каалайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Бириккен Араб Эмираттарынын президенти Халифа Бин Заед Аль Нахаяндын куттуктоосу: «Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө байланыштуу Сизди куттуктап жана Сизге чын дилимден куттуктоомду жана бардык жакшылыктарды кааларымды билдирем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Халифа Бин Заед Аль Нахаян Садыр Жапаровго бекем ден соолук жана бакыт, боордош Кыргыз Республикасынын эли менен Өкмөтүнө мындан аркы өнүгүү каалады.

Катар мамлекетинин Эмири Тамим бин Хамад Аль Танинин куттуктоосу: «Катар мамлекетинин элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди жана боордош кыргыз элин өлкөнүн Көз карандысыздык майрамы менен чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду жолдоп жатканыма кубанычтамын.

Сизге чың ден соолук жана бакубатчылык, ал эми кыргыз элине өсүп-өнүгүүнү, ошондой эле биздин өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелердин мындан ары да бекемделе беришин каалайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Ошондой эле, Катар Эмиринин орун басары Абдулла бин Хамад Аль Тани өзүнүн куттуктоосун жөнөткөн.

Марокко Королу Мохаммед VI`тин куттуктоосу: «Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнө байланыштуу Сизди чын дилимден куттуктап, элиңизге мындан ары да гүлдөп-өнүгүүнү каалаймын.

Эки өлкө ортосундагы достук жана кызматташтыкка негизделген мамилелерди эки элдин өз ара кызыкчылыктарын эске алуу менен мындан ары да бекемдеп, кеңейтүү үчүн биргелешип иштейбиз де ишенем», — деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Иран Ислам Республикасынын президенти Сейед Ибрагим Раисинин куттуктоосу: «Чын дилимден Сизди жана өлкөңүздүн элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм.

Эки өлкөнүн тарыхый жана маданий жалпылыгынын жана биргелешкен аракеттердин аркасында экономикалык, саясий жана маданий тармактардагы бардык багыттар боюнча өз ара алаканын мында ары да өнүгүүсүнө күбө болобуз деп ишенем. Мүмкүн болгон тоскоолдуктарды жойуу боюнча эки өлкө өкмөттөрүнүн аракеттери жана болгон мүмкүнчүлүктөрдү максималдуу пайдалануу алаканы өнүктүрүүнү камсыздоодо жана элдерибиздин бакубаттуулугун арттырууда маанилүү кадам боло алат», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Сейед Ибрагим Раиси Садыр Жапаровго ден соолук жана ийгилик. Кыргыз Республикасынын элине бакыт жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Пакистан Ислам Республикасынын президенти Ариф Алвинин куттуктоосу: «Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнө байланыштуу жана достук мамиледеги Кыргызстандын элине чын дилимден чыккан куттуктоолорумду билдирүү мага чоң кубаныч тартуулайт. Биздин элдерди тарыхый жана маданий окшоштуктарга негизделген кылымдык мамилелер байланыштырат. Биздин өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтык мындан ары да тереңдей берерине ишенем ", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Ариф Алви Садыр Жапаровго ийгиликтерди жана Кыргыз Республикасына гүлдөп өнүгүүнү каалады.

Монголиянын президенти Ухнаагийн Хүрелсухтун куттуктоосу: «Монгол элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди жана Кыргызстан элин Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм.

Отуз жылдык Көз карандысыздыгында Кыргыз Республикасы социалдык-экономикалык жактан өз жетишкендиктерин бекемдеп, демократия жолунда өнүгүп келгенин белгилеп кетүү жагымдуу нерсе. Монголия менен Кыргызстан ортосундагы тарыхый байланыштарга жана жалпы демократиялык баалуулуктарга негизделген салттуу достук мамилелерди тереңдетип, кеңейтүү үчүн сиздер менен мындан ары да кызматташууга кубанычтамын.

Учурдан пайдаланып, Сизге чың ден соолук жана ишиңизге ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине тынчтык жана гүлдөп-өсүүнү каалайм», - деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Украина Республикасынын президенти Владимир Зеленскийдин куттуктоосу: «Украина элинин жана жеке өзүмдүн атымдан мамлекеттин улуттук майрамы – Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнө байланыштуу чын дилимден чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз.

Кыргызстан – Украинанын Борбор Азия регионунда эзелки жана маанилүү өнөктөшү. Эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда кызматташуунун потенциалын ишке ашыруу эки өлкөнүн элдеринин кызыкчылыктарына толук жооп берет деп ишенем.

Мамлекеттер аралык диалогду мындан ары өнүктүрүүгө жана өз ара кызыкчылык туудурган тармактарда кызматташтыкты күчөтүүгө багытталган биргелешкен аракеттер биздин өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелерди сапаттык жаңы деңгээлге чыгарууга жардам берет деп ишенем»,- деп айтылат куттуктоо телеграммасынды.

Владимир Зеленский Президент Садыр Жапаровго бекем ден соолук, жооптуу мамлекеттик ишине ийгилик, ал эми Кыргызстандын элине тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Венгрия премьер-министри Виктор Орбандын куттуктоосу: «Венгрия эки тараптуу саясий, экономикалык жана соода мамилелерин өнүктүрүүгө умтулат. Бул үчүн эң сонун негиз - биздин стратегиялык өнөктөштүгүбүз түзүлүп жатат.

Биз Түрк кеңешинин алкагында стратегиялык өнөктөштүгүбүздү мындан ары да чыңдоого болгон күч-аракетибизди жумшайбыз», - деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Виктор Орбан Садыр Жапаровго чың ден соолук жана жооптуу ишине ийгилик каалады.

Улуу Британиянын Канышасы Елизавета II`нин куттуктоосу: «Өзгөчө окуя – Көз карандысыздык күнүнө байланыштуу Кыргызстан элине эң жакшы каалоолорум менен катар Сизге куттуктоомду жолдогум келет. Оор жылдан кийин, биз пандемияга байланыштуу глобалдык көйгөйлөрдөн арылып жана жакын арада жакшы убакыт келет деп ишенем», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Италия Республикасынын президенти Сержио Маттарелланын куттуктоосу: «Сизди жана сиздин бардык мекендештериңизди Эгемендүүлүктүн жарыялангандыгынын 30 жылдыгы менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын бакубат келечеги үчүн эң жакшы каалоо-тилектеримди билдирүү үчүн жагымдуу мүмкүнчүлүк болуп турат.

Эки өлкөнү бириктирип турган чыныгы достук алакаларыбыз үстүбүздөгү жылы Италиядагы Кыргыз Республикасынын элчилигинин ачылышы менен дагы да бекемделди.

Бул нерсе жалпы кызыкчылыктын бардык чөйрөлөрүндө эки тараптуу мамилелерди чыңдоого чечкиндүү түрдө салым кошо алат жана Бишкек менен Европа Биримдигинин ортосундагы мамилелердин тереңдешин улантат деп ишенемин.

Сизге, ошондой эле достук мамиледеги Кыргызстан элине Италия Республикасынын атынан чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорду билдирип кетүүгө уруксат этиңиз», - деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Швейцария Конфедерациясынын президенти Ги Пармеленин куттуктоосу: «Швейцария Федералдык Кеңешинин жана Швейцария элинин атынан Сизди жана Сиздин жарандарды Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнө байланыштуу куттуктайм!

Быйыл Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө 30 жыл толот. Акыркы отуз жылда биздин эки өлкө ортосунда жылуу жана ишенимдүү мамиле калыптанып, ал глобалдык көйгөйлөрдү чогуу чечүүгө жардам берет.

Швейцария биздин жемиштүү жана достук кызматташтыкты улантууга жана андан дагы бекемдөөнү жактаарына Сизди ишендирип кетким келет. Сизди жогорку урматтоомду кабыл алыңыз», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Испания Королу Филиптин куттуктоосу: «Кыргыз Республикасынын улуттук майрамына байланыштуу Сизге Испания өкмөтүнүн жана элинин атынан чын жүрөктөн куттуктоолорумду билдиргим келет. Сизге болгон жакшы каалоо-тилектерибизди кабыл алыңыз, сүйүктүү кыргыз элине бакубатчылык каалайбыз», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Португалия президенти Марсело Ребело де Соузанын куттуктоосу: «Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнө байланыштуу куттуктоолорумду жолдоп жана чын дилимден Сизге бакубаттуулук, кыргыз элине гүлдөп өсүп-өнүгүүнү каалайм», - деп айтылат куттуктоодо.

Австрия Республикасынын Федералдык президенти Александр Ван дер Беллендин куттуктоосу: «Келерки жылы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын белгилей турган биздин өлкөлөр, өз ара мыкты алакаларыбызды жана ар кандай деңгээлдеги эки тараптуу байланыштарды экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүнү эске алуу менен өркүндөтөт деп ишенемин", - деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Александр Ван дер Беллен Садыр Жапаровго бардык жакшылыктарды, ошондой эле Кыргызстан элине бактылуу келечек каалады.

Нидерланд Королу Уильям-Александрдын куттуктоосу: «Сизди улуттук майрам - өлкөнүн көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктоого уруксат этиңиз. Менин эң жакшы каалоо-тилектеримди кабыл алыңыз. Кыргыз Республикасынын элине бакубатчылык каалайм», - деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Уильям-Александр Садыр Жапаровго учурда бардык өлкөлөр коронавирус инфекциясына байланыштуу кризистен чыгуу аракеттерин улантып жатканда Кыргызстан элине күч-кубат, кайрат жана бекем ден соолук каалады.

Молдова Республикасынын президенти Майя Сандунун куттуктоосу: «Молдова Республикасынын жарандарынын атынан, Сизге Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнө карата куттуктоомду жолдойм.

Учурдан пайдаланып, биргелешкен аракеттердин аркасында Молдова Республикасы менен Кыргыз Республикасынын достук жана кызматташтык мамилеси эки мамлекеттин кызыкчылыгында, ошондой эле биздин жарандардын бакубаттуулугу үчүн өнүгөрүнө ишеним артам.

Сизден, менин Сизге карата сый-урматымды кабыл алууну өтүнөм», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Болгария Республикасынын президенти Румен Радевдин куттуктоосу: «Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн жарыяланышынын 30 жылдыгына байланыштуу Сизге жана кыргыз элине чын дилден куттуктоомду жана тынчтык, гүлдөп өнүгүү жана мындан аркы ийгиликтерди каалайм», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Черногория президенти Мило Джукановичтин куттуктоосу: «Черногор элинин жана жеке өзүмдүн атмындан Сизди Кыргыз Республикасынын 31-август – Көз карандысыздык күнү менен куттуктайм жана Сиздин өлконүн мындан аркы гүлдөп өнүгүүсүн жана жарандардын бакубат жашоосун каалайм.

Бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Черногориянын Кыргыз Республикасы менен достук мамилесин өнүктүрүүнү, ошондой эле биздин өлкөлөрүбүздүн жана элдерибиздин бакубаттуулугу үчүн кызматташуунун толук потенциалын колдонууну бекем жактаарымды тастыктайм. Менин Сизге болгон сыйымды жана жүрөктөн чыккан каалоолорумду ишенүү менен кабыл алыңыз», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Эстония Республикасынын президенти Керсти Кальюлайддин куттуктоосу: «31-август Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнө карата Сизге жана Кыргызстан элине чын дилимден чыккан куттуктоолорумду билдиргим келет. Дүйнө жүзүндөгү коомдорго чоң кысым көрсөткөн глобалдык чакырыкты жеңип чыккандан кийин, биздин өлкөлөр ортосундагы кызматташтык өз ара кызыкчылык болгон тармактарда мындан ары дагы бекемделет деп үмүттөнөм.

Сизге болгон жогорку урматымды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана анын элинин бакубаттуулугу жана гүлдөп-өнүгүшү үчүн каалоо-тилектеримди кабыл алыңыз», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Хорватия Республикасынын президенти Зоран Милановичтин куттуктоосу: «Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүн майрамдоого байланыштуу, Сизге Хорватия Республикасынын жарандарынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорду канааттануу менен жеткирем. Сиздин өлкөнүн жарандарына ийгиликтерди жана гүлдөп өнүгүүсү үчүн жылуу каалоолорду билдирем. Ушул жагымдуу мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Кыргыз Республикасы менен Хорватия Республикасынын ортосундагы эки тараптуу мамилелер бекемделет жана тереңдейт деген үмүтүмдү билдирем. Урматтуу Президент, Сизге болгон жогорку урматтоомду кабыл алыңыз», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Чехия Республикасынын президенти Милош Земандин куттуктоосу: «Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнө карата жылуу куттуктоолорумду кабыл алыңыз. Биздин өлкөлөр эки тараптуу кызыкчылык жараткан бардык тармактарда өз ара пайдалуу кызматташуусун мындан ары дагы тереңдетет деп ишенем», — деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Милош Земан Президент Садыр Жапаровго бардык жакшылыктарды жана ийгиликтерди каалады.

Австралия кеңешинин генерал-губернатору Дэвид Херлинин куттуктоосу: «Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнө карата, Сизге, Кыргызстандын өкмөтүнө жана элине өзүмдүн атымдан, Австралиянын өкмөтүнүн жана элинин атынан чын жүрөктөн чыккан каалоолорумду узатам.

Баарыңыздарга COVID-19 вирусу менен байланышкан көйгөйлөрдү чечүүнү улантып жаткан азыркы оор мезгилде бардык жакшылыктарды каалайбыз», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Дэвид Херли эки өлкөнүн достук мамилелери мындан ары да өнүгө берерине ишенимин билдирди.

Япония Император Нарухитонун куттуктоосу: «Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата, Сизге чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду жана каалоо-тилектеримди жолдоп, Сизге бакыт-таалай жана өлкөңүздүн элине гүлдөп өнүгүүнү каалайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Корея Республикасынын президенти Мун Чжэ Индин куттуктоосу: «Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 30 жылдыгын майрамдоого байланыштуу Сизге жана Кыргызстан элине жүрөктөн чыккан куттуктоомду жолдойм. Бул жылдар аралыгында өлкөлөрүбүз эки тараптуу достук мамилелерди өнүктүрүштү. Биргелешкен аракеттер менен биз мындан ары да мамлекеттерибиз ортосундагы байланышты чыңдап, аны менен элдерибиздин достугун, катышын бекемдейбиз», — деп айтылат телеграммада.

Мун Чжэ Ин Садыр Жапаровго жана бекем ден соолук жана бакыт, ошондой эле Кыргыз Республикасына гүлдөп өнүгүүнү каалады.

Камбоджа Королдугунун премьер-министри Хун Сендин куттуктоосу: «Королдук Өкмөттүн жана Камбоджа элинин атынан Сизге, Өкмөткө жана достук мамиледеги Кыргызстан элине Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата чын жүрөктөн чыккан куттуктоомду жана эң жакшы каалоолорумду билдиргим келет.

Кыргызстан 1991-жылы Көз карандысыздыкка ээ болгондон бери акыркы отуз жылда улуттук өнүгүүсүндө эң мыкты ийгиликтерге жетишти. Кыргызстан менен Камбоджа ортосундагы жылуу мамилелер көптөгөн жылдар бою туруктуу бекемделип келди.

Биздин жалпы умтулуубуз жана берилгендигибиз аркылуу биздин өлкөлөрдүн ортосундагы эки тараптуу байланыштар жана тыгыз кызматташтык жакынкы жылдары дагы эки өлкөнүн бакубаттыгы үчүн чыңдала берерине терең ишенем.

Менин чын дилден айтылган каалоолорумду жана жогору урматтоомду кабыл алыңыз. Сизге бекем ден соолук, бакыт-таалай, мындан аркы аракеттериңизге ийгилик каалайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Сингапур президенти Халима Якобдун куттуктоосу: «Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнө байланыштуу Сингапур элинин атынан чын жүрөктөн куттуктоолорумду билдирип, өлкөңүзгө жана элиңизге тынчтык, бакыт жана гүлдөп-өнүгүү үчүн эң жакшы каалоолорду айтуу мага чоң кубаныч тартуулайт.

COVID-19 пандемиясын жеңүүгө карата бардык аракеттер улантылып жатканда, Сингапур пандемиянын кесепеттерин азайтуу, адамдардын өмүрүн жана турмуш-тиричилигин сактоо максатында эл аралык коомчулук менен тыгыз кызматташтыкты уланта бермекчи», — деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Шри-Ланка Демократиялык Социалисттик Республикасынын президенти Готабая Раджапаксанын куттуктоосу: «Шри-Ланка Өкмөтүнүн жана элинин, ошондой эле жеке өзүмдүн атымдан Сизге, ошондой эле Кыргыз Республикасынын элине жана Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына байланыштуу жылуу куттуктоо жана чын дилден каалоолорубузду жолдогонума кубанычтамын.

Учурдан пайдаланып, Шри-Ланка биздин достук байланышты бекемдөөнү жана эки өлкөнүн кызыкчылыктарын камсыздоо максатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү жактаарын дагы бир ирет тастыктайм.

Чын димлимден куттуктоомду кабыл алыңыз жана Сизге бекем ден соолук, бакыт, бакубаттуулук, ал эми Кыргыз Республикасынын элине — гүлдөп өнүгүү каалайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Таиланд Королдугунун премьер-министри Прают Чан-окчанын куттуктоосу: «Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнө карата, Таиланд Королдугунун Өкмөтүнүн жана элинин атынан чын жүрөктөн чыккан куттуктообузду жана Кыргыз Республикасынын жана анын элинин мындан аркы гүлдөп өсүп-өнүгүшү үчүн эң жакшы каалоолорубузду билдирүү мен үчүн чоң сыймык.

Биздин өлкөлөрүбүздүн жана элдерибиздин ортосундагы достук жана кызматташтык алдыдагы жылдары дагы өсүп-өнүгө берет деп ишенем. Менин жогорку сый-урматымды ишеним менен кабыл алыңыз», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Вьетнам Социалисттик Республикасынын президенти Нгуен Суан Фуктун куттуктоосу: «Кыргыз Республикасынын Улуттук майрамына карата Вьетнам элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге жана Кыргызстан элине чын дилимден куттуктоолорумду билдирем.

Вьетнам Кыргыз Республикасынын жана анын элинин Сиздин жетекчилигиңиз астында акыркы жылдардагы жетишкендиктерине кубанат. Вьетнам ар дайым салттуу достук мамиледеги өлкөлөр, анын ичинде Кыргыз Республикасы менен алакаларды чыңдоого маани берерин ырастагым келет. 2022-жылы өлкөлөр аралык дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгынын алдында элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу кызматташтык мындан ары да өнүгөрүнө үмүт артат.

Сизге чың ден соолук, бакыт жана асыл кызматыңызда ийгиликтерди каалайм», — деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Куба Республикасынын президенти Мигель Диас-Канель Бермудестин куттуктоосу: «Кыргыз Республикасынын Улуттук майрамына карата сиздерге чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду билдирем жана биздин өлкөлөрдүн ортосундагы достук байланыштарды чыңдоого даяр экенимди ырастайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Финляндия Республикасынын президенти Саули Ниинистонун куттуктоосу: «Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын жарыяланышынын 30 жылдыгына байланыштуу менин чын дилден Сиздин өлкөгө жана анын элине гүлдөп өнүгүү менен бакыт каалоомду кабыл алыңыз. Биздин өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирем. Мамилебиз мындан ары дагы бекемделээрине ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Франция Республикасынын президенти Эммануэль Макрондун куттуктоосу: «Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу чын дилден жана жылуу куттуктоомду билдирип, ошондой эле кыргыз элине гүлдөп өнүгүүнү каалайм. Мен быйыл Кыргызстандын элчилигинин Францияда ачылышына жана Париждеги резиденциясы менен биринчи элчи катары Садык Шер-Нияздын дайындалышына кубанычтамын.

Биздин эки өлкөнүн ортосундагы эң сонун саясий мамилелер дагы тереңдейт деп ишенем.

Пандемия биздин экономика жана коомго белгилүү таасир этти. Мен бул кесепеттерди жоюу жана өлколөрүбүз ортосундагы экономикалык алаканы активдештирүү үчүн бирегелешип иштешибизди каалайт элем.

Сиз укук үстөмдүгүн, демократиялаштыруу жана адам укуктарын коргоо үчүн жүргүзө турган реформаларыңызда Франциянын колдоосуна ишенсеңиздер болот», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Бириккен улуттар уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерриштин куттуктоосу: «Сиздин өлкөнүн Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу эң жылуу каалоо-тилектеримди билдиргим келет. Учурдагы оңой эмес убакыт ар бир өлкөнүн глобалдык бакубаттуулукка кошкон салымынын маанилүүлүгүн дагы бир жолу эске салат.

COVID-19 пандемиясынан өтүүнүн үстүндө чогуу иштеп жатып, биз калыбына келүүнү мындан да туруктуу, чыдамкай жана адилеттүү коомдорду түзүүгө колдонушубуз керек. Ошондой эле, биз өзгөчө климаттык кырдаалды чечүүгө тайманбас кадамдарды жасап жана туруктуу өнүгүү жаатындагы максаттарга жетүүгө аракеттерибизди активдештирүүбүз зарыл.

Бул Көз карандысыздык күнүндө мен Бириккен улуттар уюмун чыңдоодо жана дүйнө жүзүндө тынчтыкты орнотууда Кыргызстандын колдоосуна ишенем.

Сизге болгон эң жогорку урмат-сыйымды билдирем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Германия Федеративдүү Республикасынын президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин куттуктоосу: «Сизди жана Кыргызстан элин өлкөнүн Көз карандысыздыгынын 30 жылдык мааракеси менен чын жүрөгүмдөн куттуктаймын.

Учурда биз коомчулугубуз үчүн көптөгөн чектөөлөрдү алып келген, чакырыктарга арбын болгон мезгилди башыбыздан өткөрүп жатабыз. Ошондон улам биз адамдардын жана мамлекеттердин бирдиктүү болушу үчүн диалог жана өз ара алмашуунун негизги ролун абдан баалай баштадык. Ошондой эле диалог жана кызматташтык оор кырдаалдарда да өнүгө бере турганына күбө болдук.

Кыргызстандын демократияга жана мыйзамдуулукка карай бет алган жолунда Германия ар дайым кыргыз элинин жанында болгон. Германия мындан ары да Кыргызстан элинин ачык-айкын жана эркин коомдо жашоосун жана гүлдөп-өсүүсүн камсыз кылуу ишинде ишенимдүү өнөктөшү болуп кала берет.

Сизге жана Кыргызстан элине алар тандаган реформа жолунда чоң ийгиликтерди жана бейпил келечек каалаймын, " — деп белгиленет куттуктоодо.

Пикир

Оставить комментарий