• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанга аэропорт аркылуу келүүсүнө уруксат берилди

Коом 0

Бишкек, 07.12.20. /Кабар/. Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргызстанга аэропорт аркылуу келүүсүнө уруксат берилди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, 4-декабрда өкмөт "Манас", "Ош", "Ысык-Көл" эл аралык аэропортторунун өткөрмө посттору аркылуу келген чет мамлекеттердин жарандарын жана жарандыгы жок адамдарды өлкөгө кабыл алууну жандандыруу жөнүндө чечим кабыл алды.

Мындан улам 2020-жылдын 4-декабрынан тартып чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар белгиленген тартипте Кыргызстангв үзгүлтүксүз учуулар менен келе алышат.

Тышкы иштер министрлиги COVID-19 коронавирустук инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча алгоритмдерге ылайык, чет мамлекеттердин жарандары жана жарандыгы жок адамдар КРге учуп бара жаткан учактын бортуна, акыркы 72 саат (3 күн) ичинде жүргүзүлгөн ПЦР изилдөөсүнүн терс натыйжаларын көрсөткөндөн кийин киргизилерин эскертет.

Келгенден кийин санитардык-карантиндик пункттардын кызматкерлери (СКП) борттогу жүргүнчүлөрдүн ПЦР изилдөөсүнүн жыйынтыгын жана дене табын текшеришет. Эгерде учуунун узактыгына же учуунун кечигишине байланыштуу объективдүү себептерден улам ПЦР изилдөөнүн (72 саат) мөөнөтү аяктаса, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар келген жеринде ПЦР изилдөөдөн өтүшү керек.

Пикир

Оставить комментарий