• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Чет өлкөлөр үчүн III ДКОну алып көрсөтүү кандай тартипте болот?

ДКО 2018 0

Бишкек, 07.08.18. /Кабар/. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун чагылдыруу үчүн 179 чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары аккредитацияга билдирме жөнөтүштү. 113 ЖМК азыр каралып жатат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова билдирди.

Анын айтымында Оюндардагы ЖМКнын саны 2016-жылдагыдай болот.

“Биз белгилүү чет өлкөлүк телеканалдарга оюндарды чагылдыруу укугун берүүнүн үстүндө иштеп жатабыз”, - деди ал.

Көчмөндөр оюндарын чет өлкөлүк каналдардан көрсөтүү боюнча иштер аткарылып жатат.

“Биз 2016-жылы кетирген каталарыбызды эске алдык. Анда Оюндарды англис тилинде толук пакети менен көрсөтүү маселеси иштелип чыкпай калган. Бул жолу жөнөкөй трансляция бекер, толук пакети – акы төлөнө турган болот англис тилиндеги трансляциянын толук пакетин сатып алууну каалаган өлкөлөр бар. Түз эфир инженерлери, жагымдуу комментаторлор келишет. Оюндардын ар бир күнүнүн чыгарылышы болот”, - деди ал.

Темирбекова ТРТ, Казах ТВ телеканалдары менен алдын ала сүйлөшүүлөр бар экенин кошумчалады. Ошондой эле Өзбекстан, БАЭ Көчмөндөр оюндарын чагылдыруу каалоосун билдирип кат жиберишкенин айтты.

“Биз учурда Азербайжан жана Россия менен трансляция маселесин иштеп чыгып жатабыз. Бул үчүн атайын жумушчу топ түзүлгөн. Андан сырткары АКШ жана Австралия тараптан кызыгуулар бар”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий