• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чет өлкөлөрдө 20:00гө карата 4829 жаран добуш берди

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 15.10.17 /Кабар/. Саат 20:00гө карата Россия Федерациясынын Красноярск, Владивосток, Новосибирск шаарларындагы, Казакстан, Япония, Корея, Кытай, Малайзиядагы шайлоо тилкелери жабылды. Бул тууралуу КР ТИМ басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек убактысы боюнча саат 20:00гө каратачет өлкөдөгү 18580 КР жарандарынын 4829у добуш берди. Бул 25:% ашыкты түзөт.

РФдагы (Екатеринбург, Москва, Санкт-Петербург), Индия, Пакистан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан, Бириккен Араб Эмирттары (Абу-Даби, Дубай), Иран, Беларус, Түркия(Анкара, Стамбул), Сауд Аравиясы, Катар, Кувейт, Украина, Швейцария, Бельгия, Австрия, ФРГ (Берлин, Бонн, Франкфурт), Улуу Британия, АКШдагы (Вашингтон) шайлоо тилкелер иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий