• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Чет өлкөлөрдө COVID-19 боюнча кырдаалга жүргүзүлгөн мониторинг

Дүйнө 0

Бишкек, 27.04.20. /Кабар/. Жонс Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, дүйнөдө коронавирусту 2 млн 994 миң 690 жаран жуктурган.

Кыргызстандын республикалык штабы чет өлкөлөрдө COVID-19 боюнча кырдаалга жүргүзүлгөн мониторингин жарыяланды:

Грузия:

Грузияда коронавируска чалдыккандарды дарылоодо озонотерапиясын колдонушту. Мындан улам Батумиде төрт бейтаптын ичинен үчөөндө вирус жетинчи же тогузунчу күнү жоголгон.

АКШ:

АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору өзүнүн тизмесине коронавирустун кошумча 6 белгисин кошту. Симптомдордун толук тизмеси: жөтөл, ысык дене табы, дем алуу көйгөйлөрү, чыйрыгуу, булчуӊдардын оорушу, баш оору, тамак оору (ангина), даам жана жыт алуу сезимдеринин жоголушу.

Германия:

Айлана-чөйрөдөгүлөрдүн илдетти жуктуруп алышынын 44% учурунда вирусту алып жүрүүчүдө оорунун белгилери чыкканга чейин жүрөт. Бул тууралуу жаӊы изилдөөлөргө жана математикалык моделдерге шилтеме берип Берлин университетинин Charité клиникасынын Вирусология институтун жетектеген профессор Кристиан Дростен билдирди.

Испания:

Расмий маалыматтарга ылайык, Испания саламаттык сактоо кызматкерлеринин арасында коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны эӊ көп болгон өлкө болуп саналат.

Улуу Британия:

Улуу Британия март айынын аягынан тарта каза болгондордун санынын күн сайын өсүшү азайганын билдирди. Британиянын ооруканаларында коронавирустан каза болгондордун саны 20 миң 732ге чейин өскөн, акыркы 24 сааттын ичинде 413кө көбөйгөн.

Кытай:

КЭР тарабынан иштелип чыккан COVID-19 каршы инактивдештирилген вакцина клиникалык сыноолордун экинчи этабына кирди. Аны түзүүгө Кытай илимдер академиясынын Ухань вирусология институтунун адистери катышууда.

Пикир

Оставить комментарий