• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Чет өлкөлөрдө COVID-19 вирусу боюнча кырдаалга жүргүзүлгөн мониторинг

Дүйнө 0

Бишкек, 07.05.20. /Кабар/. Жонс Хопкинс университети жүргүзгөн эсепке ылайык, дүйнөдө коронавирусту жуктургандардын саны 3 млн 766 миң 394кө жетти.

Дүйнөнүн айрым өлкөлөрүндөгү коронавируска байланышкан маалымат:

Франция

Өткөн суткада Францияда ооруну жуктургандардын саны кескин түрдө азайды. Акыркы үч жуманын ичинде ооругандардын саны төмөндөдү.

Улуу Британия

Улуу Британияда бир күн ичинде коронавирус жуктурган жаңы учурлардын саны 6 миңден ашты. Британиялык "Virgin Atlantic" авиакомпаниясы 3 миңден ашык жумуш ордун же кызматкерлеринин үчтөн бир бөлүгүнөн ашыгын кыскартарын жарыялады. Компания вирустун айынан иш токтогондуктан келечектеги финансылык абалын сактап калуу үчүн чыгымдарды кыскартууга мажбур экенин билдирип, Улуу Британиянын өкмөтү менен колдоо көрсөтүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын кошумчалаган.

Италия

Дүйнөдө ооруну жуктургандардын саны боюнча Италия АКШ жана Испаниядан кийин 3-орунда турат. Ал жакта ооруну жуктуруп алгандардын жалпы саны 200 миң адамдан ашты.

Испания

Эми Испаниядагы медиктер коронавирустун белгилери катары жөтөл, ысык дене табы жана кыйналган дем алууну гана карашпайт. Жыт сезүүнүн жоголушу, диарея жана даам татымдын өзгөрүшү сыяктуу башка белгилерди да COVID-19 инфекциясынын белгилери катары каралат. Бул белгилери бар бейтапты карап жаткан дарыгер аны ПЧР тестин тапшырууга жөнөтө алат.

Пикир

Оставить комментарий