• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чет өлкөлөрдөгү 47 шайлоо тилкесинде референдумга добуш берүү жүрүүдө

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.04.21. /Кабар/. Саат 13.00гө карата чет өлкөлөрдөгү 47 шайлоо тилкесинде Конституция боюнча референдумга добуш берүү жүрүүдө. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, добуш берүүдө акыркылардан болуп Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчилигинин аймагындагы шайлоо тилкеси (12-апрелде Бишкек убактысы боюнча саат 01-00дө) жана Кыргызстандын АКШдагы элчилигинин аймагындагы шайлоо тилкеси (12-апрелде Бишкек убактысы боюнча саат 06-00дө өз ишин аяктайт.

Чет өлкөлөрдөгү бардык УШКларда бүткүл элдик добуш берүүлөр мыйзамдардын алкагында жана бардык эпидемиологиялык нормаларды сактоо менен өтүүдө, кандайдыр бир мыйзам бузуулар байкалган жок.

Пикир

Оставить комментарий