• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Чет өлкөлөрдөгү 7 шайлоо тилкеси жабылды

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.04.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Чет өлкөлөрдөгү 7 шайлоо тилкеси жабылды. Бул тууралуу маалымат жыйында Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдирди.

Анын айтымында, саат 18:00гө карата Түштүк Сахалин, Владивосток, Түштүк Корея, Гуанчжоу, Малайзия, Пекин жана Иркутсктагы шайлоо тилкелери жабылды.

“Ал эми акыркы болуп Вашингтондогу тилке ачылды. Чет өлкөдө жалпы 48 шайлоо участкасы ачылган. Акыркы маалыматка караганда, Конституция боюнча референдумга 4,16% шайлоочулар добуш берди”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана референдумга добуш берүү жүрүүдө. Добуш берүү үчүн өлкө аймагында 2 миң 483, чет өлкөлөрдө 48 шайлоо тилкеси түзүлгөн.

Кыргызстанда 28 шаардык кеңешке 796 депутат, 420 айылдык кеңешке 7 миң 560 депутат шайланат. Жергиликтүү кеңештерге добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 318 миң 130 жаран, референдумга добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 606 миң 201 жаран киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий