• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспоралары БШК менен алдыдагы парламенттик шайлоолорго катышууну талкуулап жатышат

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 16.07.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен алдыдагы парламенттик шайлоого катышууну даярдоо алкагында олайн жолугушууларды өткөрөт. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуулар парламенттик шайлоолорго даярдык көрүү, шайлоонун учурдагы этаптары, ошондой эле чет өлкөлөрдө жашаган шайлоочулардын добуш берүүлөргө катышуусунун укуктук жана техникалык аспектилери тууралуу маселелерди талкуулоо, пикир алмашуу максатында өткөрүлөт.

15-июлда болуп өткөн кезектеги жолугушууга Россия Федерациясындагы, Казакстандагы жана Түркиядагы кыргызстандыктардын диаспораларынын өкүлдөрү, КРнын БШК төрайымы Н. Шайлдабекова, Бишкек территориялык шайлоо комиссиясынын (ТШК) төрагасы К. Маматов, КР Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, Миграция боюнча эл аралык уюмдан Бермет Молдобаева жана БУУнун Өнүктүрүү программасынан Юлия Шипилова жана башкалар катышты.

Шайлдабекова чет өлкөлөрдө добуш берүүлөрдү уюштуруу үчүн Бишкек территориялык шайлоо комиссиясы тарабынан 42 шайлоо участогу түзүлүп, алардын ичинен Россиянын Иркутск, Якутск, Южный-Сахалин жана Сургут шаарларында 4 жаңы участок уюшулганы боюнча маалымат берди.

Шайлоого катышууну каалаган жарандар 26-июлдан 19-сентябрга чейин шайлоо комиссиясынын участогуна шайлоочулардын тизмесине кошуу боюнча арыз менен кайрыла алышат, же болбосо “Тизме” порталындагы шайлоочунун кабинети аркылуу электрондук форматта да кайрылышса болот. Шайлоочулардын тизмеси боюнча бардык маалымат tizme.gov.kg. шайлоочулардын порталында жеткиликтүү.

Мекендештерге кайрылган Бишкек ТШКнын төрагасы К. А. Маматов “Эми шайлоо комиссияларын түзүү зарыл” – деп билдирди. Ал мекендештерге өз өкүлдөрүн шайлоо комиссияларынын курамына активдүү кошуу жана Бишкек ТШКга дипломатиялык өкүлчүлүктөр аркылуу же түз эле өз сунуштарын 24-июлга чейин жиберүүлөрү боюнча кайрылды. Комиссиялар түзүлгөн соң окутуучу иш-чаралар онлайн режимде өткөрүлөт.

Жыйынга катышуучулар тарабынан шайлоо комиссияларынын курамдарына чет өлкөлөрдөгү жарандардын коомдук бирикмелеринин өкүлдөрүн кошуу сунуштары айтылды, мындай сунуштарды БШК жана Бишкек ТШК жетекчилери колдой тургандыгын билдиришти.

Чет өлкөлөрдөгү жарандарга маалымат берүү жана алардын суроолоруна жооп берүү үчүн кампаниянын жүрүшүндө акысыз түз байланыш уюштурулат, ошондой эле партиялар тууралуу маалыматтык ресурстар talapker.kg. баракчасында, чет өлкөлөрдө добуш берүүнүн шарттары тууралуу жакында ишке киргизиле турган mekendesh.shailoo.kg сайтында маалыматтар берилет.

Ушундай мүмкүнчүлүк КР Боршайкомунун БУУнун Өнүктүрүү программасы жана Миграция боюнча эл аралык уюм менен кызматташып ишке ашырып жаткан Кыргыз Республикасындагы шайлоого жардам берүү программасына ылайык пайда болду.

Чет өлкөлөрдө жашаган же ошол жактарда жүргөн жарандарга маалымат берүү үчүн түзүлгөн аянтча, шайлоо процесстери боюнча маанилүү маалыматтарды Кыргызстандан сыртта жүргөн шайлоочуларга түз жана ыкчам жеткирүүгө мүмкүндүк берет.

Кыргыз Республикасындагы 2020-2021-жылдардагы шайлоолорду колдоо боюнча программа Кыргызстандагы БУУнун Өнүктүрүү программасы тарабынан КР БШКсы менен кызматташтыкта Япониянын, Германиянын жана Швейцариянын финансылык колдоосу менен ишке ашырылып жатат.

Программанын ишке ашуусуна жоопкер тарап болуп, көпчүлүгү Россия Федерациясында жана Казакстанда жашаган мигранттардын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча программанын компонентин ишке ашырып жаткан Миграция боюнча эл аралык уюм (МОМ) да эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий