• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чет өлкөлөрдө шайлоо комиссияларынын курамын түзүү башталды

Коом 0

Бишкек, 15.07.20. /Кабар/. Бишкек территориялык шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын аймагынанн тышкары убактылуу жашап жаткан Кыргызстандын шайлоочуларына, жарандардын коомдук уюмдарына, ошондой эле өлкөнүн саясий партияларына кайрылды.

Кайрылууда Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары 38 шайлоо участогу түзүлгөндүгү айтылат, - деп кабарлайт БШКнын маалымат кызматы.

Азыркы учурда ушул шайлоо участокторунун курамы жана резервдери түзүлүп жатат. Шайлоо комиссияларынын курамдары чет өлкөлөрдө жашап жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин кызматкерлеринен түзүлүшү каралган.

Чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторунун резервдерине талапкерлерди тандоодо жарандардын өздөрүнүн макулдугун, ошондой эле шайлоо кампанияларына, коомдук турмушка катышкан тажрыйбасын, кесиптик жана жеке сапаттарын эске алуу зарыл.

Чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын резервине жарандардын жыйналышынан талапкерлерди сунуш кылуу жөнүндөгү протоколдор, жыйындын төрагасынын жана катчысынын кол коюулары менен тастыкталат. Протоколго жыйындын катышуучуларынын тизмеси, алардын жашаган дареги жана кол коюлган тизмеси да тиркелиши керек.

Чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын резервине саясий партиялардан талапкерлерди сунуш кылуу саясий партиялардын уставдарына ылайык жүргүзүлөт. Бишкек территориялык шайлоо комиссиясына саясий партиянын жетекчисинин (жыйындын төрагасынын) колу коюлуп, мөөрү басылган тиешелүү документ көрсөтүлөт.

Жогоруда көрсөтүлгөндөргө:

-талапкердин чет өлкөдөгү шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу боюнча арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын сактоо боюнча милдеттенмеси;

-паспорттун көчүрмөсү;

-иштеген, окуган жерин, билимин көрсөтүүсү камтылган биографиялык маалыматтар (кадрлар бөлүмүнөн жеке баракчасы же резюме);

-байланыш маалыматы: жашаган жеринин дареги, телефондору (үйдөгү, мобилдик телефону, электрондук почтасы) тиркелет.

Чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын резервине жарандардын жыйындарынан, саясий партиялардан талапкерлерди тандоолор жөнүндөгү протоколдор, Бишкек территориялык шайлоо комиссиясында 2020-жылдын 24-июль саат 18.00гө чейин, анын ичинде электрондук түрдө да кабыл алынат

Пикир

Оставить комментарий