• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Чет мамлекеттердеги шайлоо тилкелеринин акыркысы 5-октябрда саат 06:00дө жабылат

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 04.10.20. /Кабар/. Чет мамлекеттердеги шайлоо тилкелеринин акыркысы 5-октябрда саат 06:00дө жабылат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Парламенттик шайлоого карата чет мамлекеттерде жалпы 45 тилкеси даярдалган. Алардын алгачкысы Бишкек убактысы боюнча бүгүн 03:00дө ачылган.

"Чет мамлекеттердеги шайлоо тилкелеринин акыркысы Вашингтондо 5-октябрда саат 06:00дө жабылат. Ошондуктан чет жердеги жарандардын шайлоого катышуусу тууралуу маалыматты, маалыматтын келиши менен берилип турат", - деди ал.

Белгилей кетсек Кыргызстанда парламенттик шайлоо бүгүн саат 08:00дө башталды. Шайлоого 16 саясий партия катышууда.

Пикир

Оставить комментарий