• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Чет мамлекеттердеги шайлоо тилкелеринин акыркысы АКШда саат 18:00дө ачылат

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 04.10.20. /Кабар/. Чет мамлекеттердеги шайлоо тилкелеринин акыркысы АКШда саат 18:00дө ачылат. Бул тууралуу БШКнын ишине тартылган медиа-эксперт Авланбек Жумабаев билдирди.

Саат 11:00гө чейин чет мамлекеттерде даярдалган 45 шайлоо тилкесинин 24 шайлоо тилкеси ачылган.

"Саат 11:00дө Москва, Санкт-Петербург, Беларус, Түркия, Катар, Кувейтте дагы 11 шайлоо тилкеси ачылат. Андан кийин саат 12:00дө Европада 8 шайлоо тилкеси ачылат. 14:00дө Лондондо 1 шайлоо тилкеси жана акыркы болуп АКШда 1 шайлоо тилкеси саат 18:00дө ачылат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий