• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чет мамлекеттердин дипмиссия өкүлдөрү Оштогу өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 29.09.21. /Кабар/. Үсүбүздөгү жылдын 27-сентябрында КР Тышкы иштер министрлиги тарабынан региондорду өнүктүрүү жана экономикалык дипломатияны илгерилетүү боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында чет мамлекеттердин дипломатиялык миссияларынын жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн башчылары жана өкүлдөрү Ош шаарындагы бир катар өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчилиги, Ош шаардык мэриясы жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү биргеликте «Кашкар Коттон Текстиль» (пахтаны кайра иштетүүчү ишкана), «Алайкуу Органик» (улуттук суусундуктарын, сүт азыктарын жана бал өндүрүү), "Кыргыз унаа курулуш" (автоунаа, акылдуу эсептегичтер, гидротурбиналар, жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуучу лифттерди чыгаруучу ж.б. машина куруу заводу) сыяктуу ири өндүрүш объектилерине барышты. Бул жерде чет өлкөлүк конокторго ишканалардын ишмердүүлүгү жана мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берилди.

Белгилей кетсек, бир катар дипломатиялык өкүлчүлүктөр ишканаларга болгон иш сапарларында кызматташууга кызыкдар экенин билдирип, Ош шаарындагы бизнес өкүлдөрү менен биргелешкен конкреттүү пландарды белгилешти.

Сапардын алкагында чет элдик коноктор «Сулайман-Тоо» тарыхый-археологиялык музей-комплексине да барышты.

Пикир

Оставить комментарий