• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чет мамлекеттердин парламент башчылары Талант Мамытовду ЖК төрагасы болуп шайланышы менен куттуктады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17.11.20. /Кабар/. Чет мамлекеттердин парламенттеринин жана парламенттер аралык уюмдардын башчылары Талант Мамытовду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы болуп шайланышы менен куттукташты. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко, Беларусь Республикасынын Улуттук Жыйынынын Республикалык Кеңешинин төрайымы Наталья Кочанова, Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) Башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) Башкы катчысы Станислав Зась жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) Башкы катчысы Дмитрий Кобицкий өз куттуктоолорун жөнөтүшкөн.

Анда парламент башчыларынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен парламенттер аралык байланыштарды мындан ары да өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даяр экендиктери белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий