• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чет жакка чыккан жарандар айдоочулук күбөлүгүн тоскоолдуксуз ала алышат – Мамбетов

Коом 0

Бишкек, 11.07.19. /Кабар/. Бүгүнкү күндө техникалык паспорттор сыяктуу эле убактылуу айдоочулук күбөлүктөр да берилет. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов кабарлады.

Анын айтуусу боюнча, каттоо кызматында атайын чет өлкөгө чыгып жаткандар үчүн тоскоолдуктарсыз берилген бир катар документтер бар.

Мамбетов түшүндүргөндөй, учурда мамлекеттик маанидеги документтердин жаңы үлгүлөрү киргизилүүдө.

“Биз техпаспорт алууга тендер өткөрдүк. Мурун бир техпаспорт 10 евро турчу. Мында жергиликтүү “Гознак” компаниясы тендерден жеңип, эми бланктар 192 сомго даярдалат. Ал 600 сомго арзан”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий