• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чет жактагы кыргызстандыктар Нооруз майрамын белгилешет

Коом 0

Бишкек, 19.03.18. /Кабар/. Чет жакта жашаган кыргызстандыктар Нооруз майрамын белгилөөгө даярданып жатышат. Себеби жазгы күн-түндүн теңелүүсүндө улуттук даам сүмөлөк даярдап, концерт жана улуттук спорт түрлөрү боюнча мелдештерди уюштуруу салтка айланган. Бул тууралуу “Замандаш” ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Россия Федерациясында Ноорузга карата даярдык кызуу жүрүп жатат.

Пермь

25-мартта Ноорузга карата иш-чара өтөт. Мекендештерди куттуктоо үчүн Кыргызстандан концерттик программасы менен Рахман Разыков барат. Ушул эле күнү башкы даам болгон –сүмөлөк даярдалат. Сүмөлөк- саламаттыктын, узун жашоонун жана тынчтыктын символу.

Екатеринбург

Ноорузду майрамдоо 21-мартта өтөт. Сүмөлөк кайнатылып, футбол, волейбол боюнча мелдештер уюштурулат.

Ушундай эле иш-чаралар Жаңы Уренгой, Тюмень, Красноярск, Алмата жана Германияда да уюштурулат. Ал жакта жүргөн мекендештерибиз сүмөлөк кайнатышып, иш-чара ар кандай концерттик жана спорттук мелдештер менен коштолот.

Пикир

Оставить комментарий