• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чет жактагы жарандарды алып келүү мүмкүн болбой жатат – Тышкы иштер министрлиги

Коом 0

Бишкек, 09.04.20. /Кабар/. Бир катар өлкөдө аба мейкиндик жабылгандыктан туруктуу жана чартердик каттамдарды уюштуруу мүмкүн болбой жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев билдирди.

Анын айтымында, министрликте чет жердеги жарандардын саны, кайсы жакта экендиги боюнча маалыматтары бар.

Ал белгилегендей, акыркы мезгилде чет жерден өлкөгө 2 миң 719 жараны алынып келген.

"Учурда көптөгөн мамлекеттер өзүнүн аба мейкиндигин жапкандыктан, чартердик каттамдарды уюштуруу, жарандарды алып келүү мүмкүн болбой жатат. Бирок бул маселе республикалык штабдын жана министрликтин күн тартибинде турат", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 9-апрелге карата коронавирус жуктурган 10 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 280ге жетет. Алардын ичинен 30 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 4 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий