• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чет жактан кайрадан коронавирус киргизип алуу маселесине бөгөт коюп жатабыз - Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 16.05.20. /Кабар/. Чет жактан кайрадан коронавирус киргизип алуу маселесине бөгөт коюп жатабыз. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, чет жактан инфекцияны кайрадан киргизип алуу бөгөттөлгөн. Бул маселе толугу менен көзөмөлдө турат.

“Чет өлкөдөн келген жарандарыбыздын ичинен жолдон оор шарттарга түшүп калгандары бар. Чек арада туруп, топтолуп ошол жерде бир топ кармалып калган учурлар дагы кездешип калып жатат. Эки же үч жума күтүп жаткандары дагы болууда. Ошондой шарттарда COVID-19 жугузуп алуу тобокелдиги абдан жогору болот. Чет жактан келип жаткандардын эң эле орчундуусу Соль-Илецк шаарынан келгендер. Ал жактан 541 адам келсе, анын 58и коронавирус жуктуруп алгандыгы тастыкталды. Алар бүгүнкү күндө ооруканада дарыланууда. Дубайдан келгендердин арасынан да аныкталган. Ошондой эле, чет жактан келгендердин ичинен ал жактан ооруп, бирок айыгып чыккандар дагы бар. Бул боюнча маалыматтарды тийиштүү органдардан алып, көзөмөлдү тыкыр уюштурууга аракеттер кылынууда”,- деди Үсөнбаев.

Башкы санитардык дарыгер кошумчалагандай, чет жактан келгендер үчүн жетиштүү санда койкалар уюштурулуп, обсерваторлор даярдалган. “Ал жердеги дезинфекциялык, бөлүп жаткыруу жана гигиеналык шарттарды толугу менен камсыз кылуу аракеттери көрүлүүдө. Учурда толук обсервация шарттарын түзүп берип, тобокелчиликтерди алып таштап, тийиштүү медициналык көзөмөлдү уюштурууга аракеттер чоң. Бул маселе толугу менен көзөмөлдө туруп жатат. Сырттан кайрадан коронавирус киргизип алуу маселесин бөгөттөп, жолун тосуп турабыз”, - деп баса белгиледи министрдин орун басары.

Пикир

Оставить комментарий