• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Саат 16:00гө карата чет жерде 5 миң 283 кыргызстандык добуш берди. Эки шайлоо тилкеси жабылды - БШК

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 04.10.20. /Кабар/. Бүгүнкү парламенттик шайлоодо саат 16:00гө карата чет өлкөлөрдө 5 миң 283 кыргызстандык добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Южно-Сахалинсктеги кеңсеси жана Владивосток шаарындагы кеңсесиндеги шайлоо тилкелери жабылды. Южно-Сахалинскте шайлоо бүгүн 03:00дө башталып, 15:00дө жана Владивостоктогу шайлоо тилкеси 04:00дө ачылып, 16:00дө жабылган.

"Чет мамлекеттердеги шайлоочулардын тизмесине 32 миң 602 жаран киргизилген. Алардын ичинен 5 миң 283 (16,2%) жаран добуш берди", - деди ал.

Эскерте кетсек, парламенттик шайлоого карата чет жерде 45 шайлоо тилкеси даярдалган.

Пикир

Оставить комментарий