• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чет жерде шайлоочулардын тизмесине 20 миң жаран киргизилди. Тизмелерди түзүү 19-сентябрга чейин уланат

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 14.09.20. /Кабар/. Чет жердеги шайлоочулардын саны 20 миңге жакындады. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директору Алмаз Имангазиев билдирди.

Анын айтымында, парламенттик шайлоого карата чет мамлекеттерде 44 участкалык шайлоо комиссиясы түзүлгөн.

"Учурда биометрикалык маалыматтарды чогултуу, каттоого алуу иштери жүргүзүлүүдө. Азыркы тапта чет жердеги шайлоочулардын саны 20 миңге жакындады. Шайлоочулардын тизмесин түзүү 19-сентябрга чейин уланарын жарандардын эсине сала кетели. Чет жердеги жарандарыбыз шайлоочулардын тизмесине кирүү үчүн биометрикалык маалыматтарын тапшырып, консулдук каттоого турушу керек", - деди ал.

Жарандар өзүн шайлоочулардын тизмесинен tizme.gov.kg порталы аркылуу текшере алат.

Пикир

Оставить комментарий