• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чет жердеги жарандар санарип кол тамга аркылуу аралыктан өзүн шайлоочулардын тизмесине киргизе алат - ТИМ

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 14.09.20. /Кабар/. Чет жердеги жарандар санарип кол тамга аркылуу аралыктан өзүн шайлоочулардын тизмесине киргизе алат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директору Алмаз Имангазиев билдирди.

"Бүгүндөн тарта Тышкы иштер министрлиги Мамлекеттик каттоо кызматы менен биргеликте чет жердеги бардык дипломатиялык мекемелерде электрондук санарип кол тамганы каттап, бере баштады. Анын кандай артыкчылыгы бар?. Ар бир жаран tizme.gov.kg сайтындагы шайлоочунун кабинетине кирип санарип кол тамга аркылуу өзүн өз алдынча шайлоочулардын тизмесине киргизе алат. Ошондой эле ал чет жердеги дипломатиялык мекемеге кайрылбай эле өзүнүн шайлоо тилкесин алмаштыра алат. Бирок санарип кол тамганы алуу үчүн ал дипломатиялык мекемеге келиши керек", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий