• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстан менен Чикаго шаары экономикалык чөйрөдө кызматташууну өнүктүрөт

Экономика 0

Бишкек, 22.12.22./Кабар/. Кыргызстандын Чикаго шаарындагы башкы консулу Болотбек Борбиев Чикаго шаарынын экономикалык өнүгүү жана эл аралык кызматташтык боюнча вице-мэри Самир Маекар менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар экономика, инвестиция, туризм жана билим берүү тармактарында кызматташууну кеңейтүүгө, ошондой эле Чикаго шаарында жашаган кыргыз жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого байланышкан маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар инвестиция жана туризм тармагындагы бир катар перспективдүү долбоорлорду кароого даяр экендиктерин ырасташты, ошондой эле экономикалык дипломатия чөйрөсүндө мындан аркы кызматташуу үчүн биргелешкен күч-аракеттерди улантуу зарылдыгын белгилешти.

Жолугушуу ачык, конструктивдик жана достук маанайда өттү.

Пикир

Оставить комментарий