• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чилиде операция учурунда футбол көргөн дарыгерлер текшерилүүдө

Дүйнө 0

Бишкек, 30-июнь /Кабар/. Чилидеги университеттин алдындагы клиникалык госпиталь оор операция учурунда Чили менен Португалия футбол командаларынын оюнун көргөн дарыгерлердин тобун издеп баштады.

Португалиялыктар шаршемби күнү “Казань Аренада” жарым финалда Чилинин командасына 0:3 эсебинде утулуп берген.

“Бул иш боюнча бардык административдик чаралар көрүлдү. Болжолдуу тергөө иштери башталды”,-деп жазылат маалыматта. Мурдараак социалдык түйүндөрдө бир нече медицина кызматкерлердин тобу оор операция учурунда футбол көрүп, андан соң Чилинин курама командасынын жеңишин майрамдаганы боюнча видео тараган.

Бейтапканынын жетекчилиги дарыгерлердин мындай кылыгын сындап, операция учурунда теленин иштеп турганы өзү туура эмес экенин айтып чыгышкан. Анткен менен аталган госпиталь кызматкерлери операция ийгиликтүү өткөнүн билдиришкен.

Булак:РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий