• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

China Road жол куруу ишканасы куруп жаткан көпүрөнүн темирлери уурдалган. Тергөө жүрүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.02.22. /Кабар/. China Road жол куруу ишканасы куруп жаткан көпүрөнүн темирлеринин уурдалышы боюнча тергөө жүрүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган жол куруу ишканасынын ишенимдүү өкүлү 1977-жылы туулган А.К., жергиликтүү милиция бөлүмүнө кайрылып, бул ишкана 2021-жылдын 10-12-ноябрь аралыгында Жалал-Абад — Балыкчы жолун куруп жаткан учурда, Балыкчы — Жалал-Абад унаа жолунун 364-чакырымында, тактап айтканда, Сузак районунун Курманбек а/а Калмак-Кырчын айылынан өткөн жолдо курулган көпүрөнүн темирлерин белгисиз адамдар тарабынан уурдап кеткендигин билдирген. Натыйжада China Road жол куруу ишканасы 200 миң сом зыян тарткан.

Аталган факт 2022-жылдын 18-январында Сузак РИИБнин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-бер. 2-бөлүмүнүн ("уурулук") негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө Сузак районунун Курманбек а/а Калмак-Кырчын айылынан өткөн Жалал-Абад — Казарман унаа жолунун 364-чакырымында автоунаа өтүүчү көпүрө курулуп, аталган көпүрө Калмак—Кырчын айылынан 2 чакырым алыстыкта калктуу конуш жок жерде жайгашкандыгы, ошондой эле аталган көпүрөнүн каптал тарабындагы узуну 2,80 метр, туурасы 30 см болгон темирлери жок тургандыгы боюнча кароо жүргүзүлүп, аталган айылдын тургундары суралып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Аталган факт боюнча кылмыш ишинин бетин ачуу максатында тергөө тапшырмалары берилип, тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий