• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Чиновниктер жумушсуздарга колдоо катары бериле турган 3,4 млн сомду менчиктеп алышкан

Коом 0

Бишкек, 02.02.19 /Кабар/. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, жумушсуздарды насыялоо боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери 3 млн 443 миң сомду мыйзамсыз түрдө энчилеп алышкан.

Аталган агенттик Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине карайт.

Мекеменин кызматкерлери акчаны жасалма жол менен 15 адамга насыя катары берилгендей кылып документтештирип, өздөрүнө менчиктеп алган.

Мыйзам бузууну Эсеп палатасы жүргүзгөн аудит учурунда аныктаган.

Жумушсуздарды насыялоо агенттигине каражатты Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги жана Бишкек шаардык мэриясынан бөлөт.

Пикир

Оставить комментарий