• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Чиркейлер кимдерди көбүрөөк чагат? Окумуштуулардын жообу

Дүр дүйнө 0

Бишкек, 23.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Көп жылдан бери окумуштуулар кайсы адамдарды көбүрөөк чиркей чагаарын изилдеп келишкен. Бүгүнкү күнгө чейин окумуштуулар ал абал адамдын кан тобуна байланыштуу деп келген. Акыркы изилдөөлөр боюнча чиркей кимдердин канына кызыгаарын tr.Euronews басылмасы жазып чыкты.

1950-60-жылдары жасалган илимий изилдөөлөрдө адам дем алган учурда чыккан көмүр кычкыл газы аркылуу чиркейлер адамды таап алышаары айтылат. Cell илимий журналы 2013-жылкы билдирүүсүндө бул изилдөөнү ырастаган.

2000-жылы Lancet илимий журналы кош бойлуу аялдар туурасында билдирүү жасаган. Анда боюнда бар аялдар дем алуу учурунда көбүрөөк көмүр кычкыл газын чыгараары аныкталган. Тердөөсү да салыштырмалуу жогорулайт. Мындан улам, чиркейлер жөнөкөй адамдарга караганда боюнда бар аялдарды чагат.

2019-жылы Current Biology британиялык журналы чиркейлер адамдын жытын, жылуулугун жана нымдуулугун сезээрин айтышкан. Буга ылайык, ымыркай күтүп жаткан аялдардын денесинин температурасы жогору болуп, чиркейлер көбүрөөк чагат.

Бирок, Джонатан Деянын айтымында, адамдын кийген кийими да чиркейлерге таасир этет. Дея, NBC News телеканалына берген интервьюсунда кара, көк жана кызыл түстөгү кийимди кийген адамдар чиркейлерге оңой олжо болуп бере турганын айткан.

Башка жагынан алганда, 2002-жылы америкалык Чиркейлерге каршы күрөшүү ассоциациясынын журналында алкоголдук ичимдиктери да чиркейлерди кызыктыраары белгилүү болгон. Айрыкча пиво ичимдиктери чиркейлерди өзүнө тартат.

Пикир

Оставить комментарий