• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Чоң айылга айланып калуу коркунучу бар". Акылбек Жапаров Бишкектеги тазалык маселеси боюнча

Өкмөт 0

Бишкек, 06.02.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров борбор калаанын 2022-жылга карата ишинин жыйынтыгын чыгаруу жана 2023-жылга пландары боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын кеңейтилген коллегиялык жыйынына катышты.

Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, республиканын борбору – өлкөнүн өнүгүүсүнүн маанилүү индикатору.

«Өнүккөн өлкөлөрдүн стандарттары боюнча 15 заманбап мектеп жана 1 бала бакча куруу долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруу кыска мөөнөттүн ичинде бурулуш жасоого – биздин учурда жалпы билим берүүчү мектептердин жетишсиздиги көйгөйүн чечүүгө болорун көрсөттү. Бул жалпы өлкөнүн ырааттуу өнүгүүсүнүн көрсөткүчү. Бишкек шаары жакынкы келечекте жарандарыбыз өнүгүүгө багыт алып, бакубатчылыкта жана коопсуздукта жашай турган илимдин, билимдин жана каржынын борбору болуп калышы керек», - деди Акылбек Жапаров.

Ал Министрлер Кабинети борбордун көйгөйлөрүн чечүүгө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

«Планга ылайык, шаарда 2023-жылы 1500дөн ашык экологиялык жактан таза автобустар жүрүшү керек. Биз ошондой эле таксилер үчүн газ менен жүрүүчү унааларды сатып алуу идеясын колдоого даярбыз, ЖЭБди Бишкек шаарынын мэриясына этап-этабы менен өткөрүү боюнча иштер жүрүп жатат. Жаңы конуштарды газдаштыруу боюнча активдүү иштер башталат. Унаа токтоочу жайларга көңүл буруу керек, жаңы турак жай комплекстерин пландаштырууда унаа токтотуучу жайлар каралышы керек. Бул тиешелүү уруксат документтерин алуу үчүн милдеттүү шарт болуп калышы тийиш. Эң негизгиси борбор калаанын тургундары жана меймандары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү зарыл», - деди Акылбек Жапаров.

Министрлер Кабинетинин башчысы шаардагы тазалыкты камсыздоо маселесине өзгөчө басым жасады.

«Бул муниципалитеттин ишиндеги негизги багыттардын бири. Өз убагында чара көрбөсөк, чоң айылга айланып калуу коркунучу бар. Жарандар шаар маданиятына жаштайынан үйрөнүүсү зарыл. Таштанды таштабоо, түкүрбөө, таштандыны иргөө, бөлөк адамды урматтоо деген сыяктуу нерселер бала кезден сиңирилиши керек. Биз жаңы конуштарды борбордун толук кандуу бөлүгү катары кабылдап, ал жердеги шарттар шаардын борборундагыдай деңгээлде болушу керек», - деп белгиледи министрлер кабинетинин башчысы.

Акылбек Жапаров Ош жана Бишкек шаарлары өлкөнүн өнүгүүсүндө кыймылдаткыч күч катары болушу керектигин белгилеп, шаардын өнүгүшүнө ар бир тургун өз салымын кошуусу керектигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий