• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Чоӊ-Алай: Биз Сооронбай Жээнбеков мененбиз!

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 20.09.17 /Кабар/. Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековду чоӊ-алайлыктар абдан жылуу тосуп алышты. Муну жолугушууга 20 миӊдей шайлоочунун келиши эле айтып турат. Сооронбай Жээнбеков кайсы гана кызматта иштебесин, бул районго тез-тез каттап, жакшылык-жамандыктарын теӊ бөлүшүп келгендиктен, райондун абалын, анын жашоочуларын жакшы билет. Төмөндө райондун айрым тургундарынын пикирлери келтирилген.

Динара Абдрахманова, райондун Аялдар кеңешинин тɵрайымы:

- Сооронбай Шариповичти биз мурунтан жакшы билебиз, басып ɵткɵн жолу жакшы тааныш. Ал буга чейин эле Чоң-Алайдын кɵйгɵйлɵрүн жакындан билип, биз менен кошо санаага батып, кошо кубанып, оорубузду колдон, жеңилибизди жерден алып келаткан жетекчилердин бири. Бул кишинин колдоосу жана түздɵн түз кийлигишүүсү менен кɵп кɵйгɵйлɵрүбүз чечилди. Атап айтсам, айылдарга таза суу жеткирүү, эски мектептерди ремонттоо, жаңыларын куруу, каналдарды салуу, спорттук залдарды ачуу ж.б.

Кудай насип этип, элдин колдоосу менен президент болуп шайланып калса, билим берүүнүн сапатын арттыруу, мугалимдердин кадыр-баркын кɵтɵрүү, социалдык абалдарын жакшыртууга ɵзгɵчɵ кɵңүл бурушун каалайт элем. Анткени, ɵлкɵбүздүн келечеги жаштардын колунда да.

Акжол Азимбаев, дарыгер:

- Бул киши дарыгерлерге жакшы кɵңүл буруп келатат. Биздин Жекенди айылындагы оорукананын курулушун ɵзү колго алган, буюрса, 1 айда курулушу бүткɵнү турат. Президент болуп калса, дарыгерлердин маяналарын кɵтɵртɵ турганын айтты. Чоң-Алайдын дарыгерлеринин бардыгы эле Сооронбай Жээнбековду колдошууда. Аймактарда кɵп жыл иштегендиктен, элет элинин кɵйгɵйлɵрүн жакшы билет. Келечекте аймактарга ɵзгɵчɵ кɵңүл бурган, элдин урмат-сыйына ээ болгон президент болот деп ишенебиз.

Акмат Баатыркулов, айылдык кеңештин депутаты:

- Сооронбай Жээнбековдун башка талапкерлерден айырмачылыгы – анын жɵнɵкɵйлүгүндɵ, анан мамлекеттик башкаруу кызматтарынын баардык тепкичтерин басып ɵткɵндүгүндɵ. Зоотехниктиктен ɵкмɵт башчылыкка чейин жетти. Иштебеген президенттик кызмат гана калды. Бул жагынан алганда, ал эң жогорку кызмат ордуна бардык жагынан татыктуу, бышып жетилген талапкер деп баса белгилеп айта алам. Ошол себептен мен жакындарымды, туугандарымды, айылдагы элди ага добуш берүүгɵ үндɵп жүрɵм.

Чолпонбай Назарали уулу, район тургуну:

- Сооронбай Жээнбековду кɵп жылдардан бери жакшы тааныйм. Ош облусунда губернатор болуп турганда, Чоң-Алай районуна кɵп келип, кɵйгɵйлүү маселелерди оң жагына чечип берген. Мен бул кишиге ɵз добушумду берем. Себеби, ал адам катары жупуну, адамгерчиликтүү, мамлекеттик ишмер катары таза, коррупцияга малынбаган.

Татаал маселелерди дароо чечерине ɵзүм күбɵ болгом. Губернатор болуп турганда Карамык айылдык ооруканасына тез жардам автоунаасын сурап Ошко баргам. Ошондо ал мени күттүрбɵй бат кабыл алып, ошол күнү эле тез жардам унаасын чечип берген. Ушул жылдын 3-5-майында бизде жер титирɵɵ болгондо ɵкмɵт башчы катары тезинен жетип келип, эң алгачкы жардамдарды кɵрсɵтүү боюнча тиешелүү жетекчилерге буйруктарды берген. Жабыркаган эл менен бирге болуп, камкордук кɵрүп жүргɵн. Ошондо элге айткандары, берген убадалары дээрлик аткарылды, бүгүн да аткарылып жатат.

Мамадияр Айтбаев, район тургуну:

- Сооронбай Жээнбеков менен Айыл чарба институтунда курсташ болгонбуз. Эң алгачкы эмгек жолун практикант катары Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылынан баштаган. Талааларда суу сугарган, мал караган, иши кылып, айыл чарба адисине тиешелүү жумуштардын баарын аткарган.

Бул кишинин артыкчылыгы – бардык ишти жоопкерчилик менен аткарып, күн-түн чарчаганды билбей иштейт. Ɵкмɵт башчы катары жакшы иштеди деп бекер айтылган жок. Себеби, ал иштерман, колго алган ишинен майнап чыгара алчу адам. Ошондуктан, президент болуп шайланып калса, Бишкекте отура бербей, аймактарды кыдырып, элдин кɵйгɵйлɵрү менен жакындан таанышып, жеринде чечип, жаны тынбаган ɵлкɵ башчысы болот.

Асия Амиралиева, Баатыр Эне:

- Биздин Сооронбай Жээнбековду колдоп жатканыбызды себеби, табигый кырсык болуп, эл айласын таппай кыйналып турганда, эң биринчи ушул киши келип, ал-акыбалыбызды сурап, тиешелүү жардамдарды бердирген. Кырсыктан кыйналып турганыңда ɵкмɵт башчынын келүүсү элге кадимкидей жɵлɵк, таяныч болот экен. Биз аны башыбыздан ɵткɵрдүк.

Бул кишиден биздин үмүтүбүз зор. Президент болуп шайланып калса, аймактардагы кɵйгɵйлɵрдү чечип берет деп ойлойбуз. Бардык кыргыз элине кайрылып, Сооронбай Жээнбековго добуш берүүгɵ чакырып кетем.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 20.09.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий