• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чоң-Алай, Чаткал райондорунда иштешкен кенчилер оор кырдаалды жеңүүдө жергиликтүү тургундарга жардам беришет

Коом 0

Бишкек, 21-февраль /Кабар/. Чоң-Алай, Чаткал райондорунда иштешкен кенчилер өзгөчө кырдаалды жеңүүдө жергиликтүү тургундарга жардам беришет деп билдирди КР Өнөр жай, энергетика жана кен иштетүү мамкомитетинин басма сөз кызматынан.

Белгилүү болгондой, Чон-Алай менен Чаткал райондорунда кар көп түшүп, оор кырдал жаралып, адамдардын каза болушуна, малдын өлүмүнө, үйлөрдүн кыйрашына, жолдордун жабылышына алып келген.

2017-жылдын 20 –февралында КР Өнөр жай, энергетика жана кен иштетүү мамкомитетинин ондогон компаниялары Чон-Алай менен Чаткал райондорунда оор кырдаалды талкуулашты.

“Кеңешмеде жергиликтүү бийликке жана элге жолдорду кардан жана кар көчкүдөн тазалоого жардам берип, атайын техника жана күйүүчү май менен камсыздоо чечими кабыл алынды. Белгилей кетсек, кенчилер райондордо өзгөчө кырдаал жаралганда жылсайын өздөрүнүн эрки менен техника жана адам күчү жагынан жардам берип келишүүдө”,-деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий