• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Чоң-Алай райондук милиция кызматкерлери элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү

Аймак 0

Бишкек, 09.03.22. /Кабар/. Кечээ, 8-мартта Чоң-Алай райондук милиция кызматкерлери элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чоң-Алай райондук Ички иштер бөлүмүнүн көчмө кабылдама унаасы менен Балдар иши боюнча инспекторлору жана милициянын участкалык уполномоченныйлары Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылындагы окуучуларга жана ата энелери менен биргеликте балдар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана жол эрежесин сактоо, рэкетчиликтин алдын алуу жана башка маселелер боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

"Ошол эле күнү иш-чаранын жүрүшүндө бул айылдын жашоочуларына КР президентинин “Үй бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартиптике келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” жарлыгы боюнча талкуу болуп, ысырапчылыкка жол бербөөгө багытталган иш-чара калктын социалдык-экономикалык шартын жакшыртууга болгон кадамдар экенин жана мындай ашыкча ысырапкорчулуктан улам айрым жарандарыбыз карызга батып, жаман кесепеттерге дуушар болуп, терс көрүнүштөр жаралып жаткандыгы тууралуу Чон-Алай районунун ар бир айылында тажия болгон жерлерде жана жума окулуучу мечиттерде ар бир айылдын айыл башчылары райондун имам хатиби жана имамдары менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Жергиликтүү жашоочулар ысырапкорчулукка жол бербөө боюнча жарылыкты колдой тургандыктарын билдиришип, чыгымдардын суммасына чек коюуну суранышты, ошондой эле кайсыл жерде маркумду акыркы сапарга узатууда жана эскерүүдө ошол үйгө милиция кызматкерлеринен келип бул багытта тартипке салууну сунушташты.

Пикир

Оставить комментарий