• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чоң-Алай районунда кайрадан жер титирөө катталды

Аймак 0

Бишкек, 4-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2017-жылдын 4-май күнү саат 12:57де жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн очогу Таджикистан менен Кыргызстандын чек ара аймагында катталып,күчү очогунда 4 баллга чейин жеткен.

Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Алга, Кара-Тейит айылдарында 3,5-4 балл, Карамык айылында 3,5 балл сезилген.

КР ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, алдын ала алынган маалымат боюнча кыйроолор жок.

Пикир

Оставить комментарий