• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Чоң-Алай районунда милициянын көчмө кабылдамасы жарандарды кабыл алууну улантууда

Аймак 0

Бишкек, 21.01.21. /Кабар/. Чоң-Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасында жарандарды кабыл алууда. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, көчмө кабылдамага эл тарабынан Кашка-Суу айылынын мектеби көп жылдан бери бүтпөй, ал мектептин эскилиги жетип кооптуу абалда тургандыгы, таза суу маселеси, жаңы конушка үй салып документ иштерин бүтүрө албай жаткандыгы, Кара-Кабак айылында маданият үйүнүн эскилиги жеткени, спорт залынын жоктугу, Ачы-Суу айылындагы жолдун бүтпөй жатканы сыяктуу маселелер айтылды.

Ошондой эле милициянын көчмө кабылдамасы аркылуу профилактикалык иштер да жүргүзүлүүдө.

Милиция кызматкерлери райондогу климаттын катаалдыгына карабастан алыскы Кашка-Суу айыл аймагынын Кашка-Суу, Ачык-Суу, Жыйылма, Кабык, Кара-Кабык айылдарына чейин барышып, кылмыштуулуктун алдын алуу, ошондой эле коронавирусту жайылтпоо үчүн сактануу жолдорун жарандарга жеткирип жатышат. Жергиликтүү тургундарга азыркы кырдаал туура багытта жеткирилип, жугуштуу илдеттен коргонуу зарылдыгы эскертилүүдө.

Айта кетсек, көчмө кабылдаманын максаты - милиция менен элдин ортосундагы мамилени мындан ары да жакындатууга жана жарандардын арыз-даттанууларын жеринде кабыл алуу үчүн кызмат кылуу.

Пикир

Оставить комментарий