• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чоң-Алай районунда мобилдик клиника иштеп баштады – КР ССМ

Ден соолук 0

Бишкек, 8-май /Кабар/. Ош облусунун жер титирөө болгон Чоң-Алай районунда мобилдик клиника иштеп баштады. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, кечээ, саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев жер титирөө болгон Чоң-Алай районуна барган.

Министр тургундарга медициналык жардам көрсөтүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Медициналык жардам көрсөтүү иштерин күчөтүүнү, жугуштуу инфекциялык ичеги-карын ооруларын алдын алууну, эпидемиялык абалды көзөмөлдөөнү тапшырды.

Иш сапарынын алкагында министр Ош облусунун Өзгөн районундагы жана Жалал-Абад облусундагы табигый кырсыктар болгон жерлерге барууну пландаштырууда.

КР ССМ маалыматы боюнча, 2017-жылдын 5-майынан тарта медициналык кызматкерлер тарабынан 1 миң 762 адам текшерилген. Дароот Коргон ооруканасында стационардык дарыланууда 4 адам бар, алардын үчөө балдар. Ош облустар аралык бириктирилген клиникалык ооруканасынын төрөт бөлүмүнө 2 кош бойлуу аял жаткырылган. Бардык бейтаптардын абалы канааттандырарлык, тиешелүү түрдө дарыланып жатышат.

“Чоң-Алай районунда мобилдик клиника ачылды. 18 дарыгер жана 36 орто медициналык кызматкерлер медициналык жардам көрсөтүп жатышат. 6 тез жардам унаасы иштеп жатат, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетишсиздиги азырынча жок”, - деп айтылат билдирүүдө.

3-майдан тарта Чоң-Алай районунда ар кандай магнитудадагы 16 жер титирөө катталган.

Жабыркаган аймакта 510 чатыр тигилип, анда 2964 тургун жайгаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий