• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чоң-Алай районунда түзүлгөн көмүр ишканасы 2 айда 13,6 млн сом киреше тапты

Аймак 0

Бишкек, 25.03.23./Кабар/. Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районундагы "Чоң-Алай көмүр” мамлекеттик ишканасы эки айда 13,6 млн сом тапты, деп билдирди район акими Темирболот Абыкеев.

Анын айтымына караганда, Чоң-Алай районунда “Лунэн” жеке компаниясы ээлик кылган көмүр кенинин лицензиясы жокко чыгарылып, мамлекетке кайтарылды.

Аталган компания 10 жыл аралыгында мыйзам бузуу жолу менен көмүр казып келгени аныкталган. Тактап айтканда, компания өзүнө таандык тилкеден тышкары чыгып, мамлекетке тийешелүү тилкедеги көмүрдү казып кеткен.

Көмүр кени мамлекеттин балансына өтүп, “Чоң-Алай көмүр” мамлекеттик ишканасы деп түзүлдү.

Аким “Чоң-Алай көмүр” мамлекеттик ишканасынан түшкөн киреше менен 3 жыл аралыгында район дотациядан чыгарын айтты.

“Кен мамлекетке иштеп баштаган 2 айдын ичинде көмүр казуудан дээрлик 54 млн сом (53,9 млн) жүгүртүлгөн. Анын таза кирешеси 13,6 млн сом болду. Кирешебизге керектүү жабдыктарды сатып алып, видео көзөмөл орнотуп, 3 чакырымдан зым тартып баруу иштерин уюштурдук. Кудай буюрса 3 жыл ичинде Чоң-Алай району дотациядан чыгабыз деген ишенимдебиз”, - дейт Абыкеев

Көмүр кендин мамлекетке өтүшү менен жергиликтүү тургундар үчүн да иш орундар пайда болгону белгиленди. Жалпы 100гө жакын жумуш орду түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий