• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чоң-Алай районунда томолой жетим бала жер тилкесине ээ болду

Аймак 0

Бишкек, 13.10.21. /Кабар/. Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн жашоочусу, турак жайы жок жашы жете элек жетим бала Э.А. уулуна 0,15 га аянтындагы жер тилкеси ажыратылып берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн тургуну Э.А. уулу аттуу томолой жетим бала турак жайы менен кезексиз түрдө камсыз болбой, мыйзам талаптары бузулгандыгы аныкталган.

Мыйзамдарга ылайык, жетим балдарга, ошондой эле ата-эненин кароосунан ажыраган балдарга турак жай же жер тилкелери кезексиз берилүүгө тийиш.

"Чоң-Алай райондук прокуратурасы тарабынан Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысына ченемдик укуктук актыларынын бузулуусун четтетүү жөнүндө сунуш келтирилген. Аны аткаруунун жыйынтыгында, аталган айыл өкмөттүн токтому менен турак-жай куруу үчүн жашы жете элек жетим балага жер тилкеси бөлүнүп берилди", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий