• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чоң-Алай районунда жер титирөөдөн жабыркаган ветеринарларга жардам көрсөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 3-июль /Кабар/. Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөтүндө жер титирөөдөн улам үй жайсыз калган ар бир ветеринарга 198 340 сомдон материалдык жардам көрсөтүлдү. КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү билдирди.

Тапшыруу аземинде Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Исмаил Тагаев быйыл каар оор түшүп, кыш катуу болуп, жаз кечигип келип, малдын тоютунун эрте түгөнүшү мал жандыктардын жазга арык-торук чыгуусуна жана аларга болгон базар баасынын өтө төмөн болгондугун айтып өттү.

Жеке ветеринар Анапия Тагаев, кырсык болгон күндөн баштап эле мамлекет тарабынан ар түрдүү жардамдар көрсөтүлүп жаткандыгын, бирок жалпы ветеринардык коомчулук тарабынан мындай чоң жардамды күтпөгөндүгүн айтып, бардык кесиптештерине өзүнүн үй бүлөсүнүн атынан ыраазычылык билдирди.

Мураталы карыя ветеринардык врачтар өз ара биримдигин көрсөткөндүгүн белгилеп, мындай кырсыктар кайталанбашын каалап өттү.

Эске сала кетсек, 2017-жылдын 3-5-май күндөрү жер титирөөдөн улам турак жайлары жараксыз абалда калган Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айылдык округунун ветеринардык адистери Турдали Сарыгулов, Асатилла Туратов жана Анапия Тагаевтер чатырда жашоого мажбур болушкан.

Ветеринардык палатанын адистеринин демилгеси менен үй жайсыз калган ветеринарларга көмөк көрсөтүү максатында “Мен четте карап турбаймын” деген аталышта акциясын өткөрүү колго алынып, банктан атайын эсеп ачкан.

Аталган демилгени Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин, министрликтин алдындагы айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн, КР Өкмөтүнүн алдындагы ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын, Республикалык ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун, Ветеринардык палатанын эмгек жамааттары жана республиканын бардык облустарында эмгектенип жаткан жеке ветеринардык адистер дагы колдоп, банктык эсепке бир айдын ичинде 600 миң сомдой акча каражаты түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий