• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чоң-Алай районундагы Ленин чокусунда польшалык альпинист каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 08.07.21. /Кабар/. Чоң-Алай районундагы Ленин чокусунда польшалык альпинист каза болду. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз ызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, окуя үстүбүздөгү жылдын 7-июлунда болгон.

«2021-жылдын 7-июль күнү болжол менен саат 07:15 чамасында Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Ленин чокусунун 5100 метр бийиктигинде Польшанын 1971-жылы туулган тургуну Б.П.нын жүрөк оорусу кармап каза болгон", - деп айтылат маалыматта.

Облустук милициядан кошумчалашкандай, 2021-жылдын 2-июль күнү базалык лагерге жалпы 14 адам келген. Алардын ичинен 12 адам Россиянын жарандары. Алар менен чогуу Польшанын 2 жараны келген.

"Базалык лагерде 2 күн турушуп, 4-июль күнү 4 миң 400 метр бийикке чыгып, ал жерде 1 күн болушкан. 6-июль күнү 4 800 метр бийикке, 7-июль күнү 5 100 метр бийикке чыгып, кайра кайткан учурда П. Б саптын алдында бара жатканда эсин жоготуп жыгылган. Ага жасалма дем алдыруу кылышкан. Бирок өзүнө келе албай каза болгон. Анын денесине соттук-медициналык экспертиза дайындалды", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий