• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чоң-Алай районунун түзүлгөнүнүн 30 жылдыгы белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 28.02.22. /Кабар/. 27-февраль күнү Чоң-Алай районунун түзүлгөнүнүн 30 жылдык мааракеси өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов, өлкөнүн аймактарынан келген коноктор, ЖК депутаттары жана жергиликтүү тургундар катышты.

Салтанатта майрамдык концерт тартууланып, Чоң-Алай районун өнүгүүсүнө салым кошкон инсандарга ардак грамота тапшырылды. Иш-чарада КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов район тургундарын майрамы менен куттуктап, өндүрүш ишканасын ачууга колдоо катары 6 млн сомдук сертификат тапшырды.

“Чоң-Алай району эң кооз жерлердин бири. Өз алдынча район болуп макам алгандан бери 30 жыл аралыгында Чоң-Алай районунун социалдык-экономикалык жана башка тармактарда көптөгөн ийгиликтерге жетишти. Чоң-Алай эли өтө мээнеткеч келет. Райондо өндүрүлгөн картошка үрөндөрү биздин эле өлкөгө эмес, коңшу өлкөлөргө экспорттолуп жатат. Чоң-Алай району шарты катаал, тоолуу аймак болгону менен экономикалык, туристтик потенциялы өтө чоң. Мен буга чейин Чоң-Алай районуна иш сапарым менен келип тургундардын көйгөйлөрүн угуп кеткем. Азыр ал көйгөйлөрдү катары менен чечип жатабыз. Мен мындан ары да Чоң-Алай элинин көйгөйлөрүн чечүүгө болгон күч аракетимди жумшайм”, - деди Зиядин Жамалдинов

Мааракени утурлай Чоң-Алай районунда социалдык обьектилердин ачылыш аземи өткөрүлдү. Ошондой эле Спорттук мелдештер уюштурулду.

Маалымат үчүн: Чоң-Алай району Ош облусунун административдик аймагында район болуп 1992-жылы кайрадан түзүлгөн. Түндүк-батышынан Кыргызстандын Баткен облусунун тоо кыркалары, чыгышынан Алай тоо кыркалары, түштүк-батышынан Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусу, Жерге-Тал району менен чектешет. Аянты 4860 км2 (Ош облусунун 16,6% ээлейт). Деңиз деңгээлинен 3000 м бийиктикте жайгашкан. Райондун экономикасынын негизин мал чарбасы түзөт.

Пикир

Оставить комментарий