• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чоң-Алай районунун жашоочуларына акысыз укуктук кеп-кеңештер берилди

Аймак 0

Бишкек, 08.07.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 7-июлунда “Тилектештик автобусу” долбооруна тартылган адвокаттар жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери тарабынан Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Дароот-Коргон, Жар-Башы, Жаш-Тилек айылдарынын жашоочуларына 40 акысыз укуктук кеп-кеңештер берилди.

Юстиция министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кКалк менен жолугушуу Алайчы уулу Саит атындагы орто мектебинин базасында өттү.

Жергиликтүү тургундар негизинен пенсияларды жана жөлөк пулдарды чегерүү маселелери боюнча, жер участокторун берүү жана аларга документтерди тариздөө, паспорт алуу жана башка маселелер менен кайрылышкан.

9-июлда “Тилектештик автобусу” Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Алайкуу, Бөрү-Токой, Кек-Арт, Ара-Булак, Кан-Коргон, Сайталаа, Желе-Дөбө айылдарына барат. Калк менен жолугушуу Алайкуу айылынын маданият үйүнүн базасында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий