• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чоң-Алайда 81 турак-жай салынууда

Аймак 0

Бишкек, 16.10.17 /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин АКТЕД эл аралык уюму жана Ага-Хан фонду менен түзгөн Меморандумдун негизинде Чоң-Алайда жер титирөөдөн жабыркагандарга 60 турак-жайдын ордуна 81 турак-жай салынууда. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги АКТЕД эл аралык уюму жана Ага-Хан фонду менен 2017-жылдын июнь айында кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюшкан.

Аталган меморандумдун негизинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги АКТЕД эл аралык уюму жана Ага-Хан фонду менен биргеликте “Чоң-Алай районунда жер титирөөдөн жабыркаган калкка Швейцариялык колдоо” долбоорун ишке ашыруу боюнча биргеликте иш аракет жүргүзүүсү каралган.

Бул долбоордун алкагында АКТЕД эл аралык уюму жана Ага-Хан фонду жалпы суммасы 340 000 АКШ долларын бөлүп, Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагында жер титирөөнүн кесепетинен жараксыз абалга келген турак-жайларды өз күчү менен калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүгү болбогон, турмуш тиричилиги оор категорияга кирген 60 үй-бүлөнүн (бенефициар) турак-жайын куруу үчүн курулуш материалдары менен камсыз кылуусу (АКТЕД – 45 турак-жай, ал эми Ага-Хан – 15 турак-жай)мерчемделген. Меморандумдун негизинде КР ӨКМи курулуш материалдарын жерине чейин жеткирип берүү милдетин өзүнө алган.

Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагында жардамга муктаждар социалдык коргоо мекемелеринде каттоодо турган жакыр үй-бүлөлөрдүн тизмесине ылайык тандалып алынгандан кийин да АКТЕД эл аралык уюму жана Ага-Хан фонду ар бир үй-бүлөнүн жашоо шартына текшерүү жүргүзүшкөн.

Каралган бюджеттин чегинде Чоң-Алай районунун жер титирөөдөн жабыркаган калкына турак-жай куруудан сырткары, жергиликтүү куруучуларды сейсмикалык зоналарда курулуш куруунун жеткиликтүү техникаларына жана ченемдерине окутуу жана жабыр таркан үй-бүлөлөргө турак-жай, жер жана мүлк укуктарын (камсыздандыруу) коргоо үчүн юридикалык жардам көрсөтүү да каралган.

Аталган аймакка курулуш материалдарын кыска мөөнөттүн ичинде жерине ташып жеткирүүгө көмөк көрсөтүү боюнча КР ӨКМ курулуш материалдарды жеткирип берүүнү камсыздап, натыйжада жол кире чыгымдарынын үнөмдөлүшүнүн эсебинен, турак-жай менен камсыз болуучу үй-бүлөлөрдүн саны 60тан 81ге көбөйдү. Андан сырткары, үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен курулуп жаткан турак-жайлардын сапатын да күчөтүүгө жумшалды.

Азыркы күнгө КР ӨКМи тарабынан курулуш материалдарды жеткирүү иштери тиешелүү жумуш графигине ылайык үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий