• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Чоң-Алайда эки жүргүнчүсү бар автоунааны кар көчкү басып калды

Аймак 0

Бишкек, 06.02.19. /Кабар/. Кечээ Ош облусунун Чоң-Алай районунун Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык унаа жолунда кар көчкү "Daewoo Matiz" унаасын басып калган. Бактыга жараша эч ким жабыркаган эмес. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык аталган унаа жолдун 98-чакырымында болгон. Болжол менен саат 18:40та жолго 600 метр куб кар көчкү түшкөн. Андан кийин ошол эле тилкеде саат 19:34 чамасында 700 метр куб кар түшүп, "Daewoo Matiz" унаасын басып калган.

Унаанын ичинде 2 киши болуп, эч кимиси жабыркаган эмес. Автоунаа кар алдынан чыгарылгандан кийин алар үйүнө кайтышкан.

Учурда унаа жол жабылып, кардан тазаланууда.

Пикир

Оставить комментарий