• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чоң-Алайда командалык-штабдык машыгуу өтүүдө (сүрөт)

Коом 0

Бишкек, 05.07.18. /Кабар/. 3-июлдан 5-июлга чейин Ош облусунун Чоң-Алай районунда “Өзгөчө кырдаалдар коркунучу пайда болгондо жана өзгөчө кырдаалдар учурунда Чоң-Алай районунун башкаруу органдарынын иш-аракеттери” деген темада Чоң-Алай районунун башкаруу органдары менен командалык-штабдык машыгуу өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, машыгууга КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын укуктук тартип, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өкүлү, КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын штабдык курамы, облустук Жарандык коргонуунун кызматтары, облустук жана райондук Жарандык коргонуу жана эвакуациялоо комиссиялары жана жергиликтүү калк катышууда.

"Машыгуунун максаты Жарандык коргонуу жаатындагы ченемдик-укуктук актылардын аткарылышын көзөмөлдөө, өзгөчө кырдаал пайда болгондо күч каражаттардын эсебин жана өзгөчө кырдаалдарда ар тараптуу иш-чараларды аткаруу, Жарандык коргонуунун башкаруу органдарына баш ийген күчтөрдүн жана каражаттардын өзгөчө кырдаалдар болгондогу кырсыктан куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди аткаруу, ошондой эле жапа чеккен калкты ар тараптуу камсыздоодогу тиешелүү маселелердин уюштурулушу, райондук Жарандык коргонуунун башкаруу органдарына методикалык усулдук жардам көрсөтүү болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий