• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чоң-Алайда милиция калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантууда

Аймак 0

Бишкек, 17.12.20. /Кабар/. Чоң-Алай районунун аймагында милиция тарабынан профилактикалык жумуштар тынымсыз жүргүзүлүп келүүдө, - деп билдирет Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы.

Маалыматта аба ырайынын ар түрдүү шартына карабастан жарандарга түшүндүрүү иштери улантылып жаткандыгы айтылат.

Чоң-Алай РИИБдин кызматкерлери тиешелүү кызмат өкүлдөрү менен биргеликте коронавируска каршы түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Алар айылдардагы
соода-түйүндөрүндө, дүкөндөрдө, мектептерде санитардык нормалардын сакталуусун көзөмөлгө алышууда.

Ар бир жаран жугуштуу илдеттин алдын алууда кайдыгер мамиле жасабай, айтылып жаткан талаптарды сактоо зарыл экендиги эскертилди. Мектеп окуучулары менен жолугушуулар өткөрүлүп, коронавирусту жайылтпоо жана алдын алуу үчүн антисептикалык каражаттарды туура колдонуу, ошондой эле белгиленген эрежелерди сактоо учур талабы экендиги айтылып, бул багытта кеңири маалымат берилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий