• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Чоң-Алайда мугалимдер арасында "Китеп сүйүүчүлөр" сынагы өткөрүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 29.11.19. /Кабар/. Чоң-Алай районунда мугалимдер, тарбиячылар арасында "Китеп сүйүүчүлөр" сынагы башталды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтен белгилешкендей, сынактын шарты боюнча катышуучулар К. Жантөшевдин "Каныбек" романын, Т. Касымбековдун "Келкел" жана "Сынган кылыч" романдарын окуп чыгышы керек.

"Андан кийин тандалып алынган агартуучулар ал чыгармалардын сюжети, окуялары, каармандары боюнча "Акыл таймашта" жарышат. "Китеп сүйүүчүлөр" сынагынын максаты – билим берүү кызматкерлеринин жалпы кыргыз элинин тарыхы тууралуу маалымат алышына өбөлгө түзүү, китепке болгон кызыгуусун арттыруу, окуучуларга үлгү көрсөтүү", - деп билдиришти министрликтен.

Мугалимдер жана тарбиячылар үчүн акыл таймаш 2020-жылдын март айына белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий