• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чоң-Алайда сел жүрүп, милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундарга жардам берди

Аймак 0

Бишкек, 18.03.22. /Кабар/. Чоң-Алайда сел жүрүп, милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундарга жардам беришти. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, Жарандык коргонуунун 2022-жылга даярдык мерчемине ылайык, 16-17-мартта Ички иштер органдарынын кызматкерлери менен биргеликте “Өзгөчө кырдаал коркунучу жаралганда жана катталган учурда Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын аракеттери” аталыштагы машыгуу Ош облусунун аймагында ӨКМдин облустук, райондук жана Жарандык коргонуу кызматтарынын катышуусунда штабдык жана практикалык машыгуулар өткөрүлдү.

Кечээ, 17-мартта машыгуу жүрүп жаткан учурда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрүп, Чоң-Алай районунун Жар-Башы айылында кокту-колоттордон түшкөн суулар суу ташкынын пайда кылып, жашоочулардын турак жайларына коркунуч келтирген.

Жаратылыш кырсыгыгынан турак жайлар зыянга учурабас үчүн ошол учурда машыгууга катышып жаткан Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан жергиликтүү тургундарга жардам берилген.

Пикир

Оставить комментарий