• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Чоң-Алайда турак жайларды көчкү басып, эки жаш бала дайынсыз болууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жаш-Тилек айылында 19-февралда кар көчкү түшүп эки турак үйдү басып калган. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы маалымдады.

Жергиликтүү тургундар тарабынан бир үйдөн 6 адам жана дагы бир турак жайдагы 7 адамдын бешөө куткарылган, 2 жаш балдар дайынсыз болууда.

Маалыматка ылайык Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин орун басары Равшан Рысбаев башчылыгында түзүлгөн ыкчам топ окуя катталган жерге чыгып кеттишти.

Көчкү алдында калган жарандарды издөөгө 30дан ашуун куткаруучулар тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун буйругу менен Ош облусунун бириккен кампасынан гуманитардык жардам бөлүнүп, Чоң-Алай районунун Жаш-Тилек айылына жөнөп кетти.

Булак: Марал FM

Пикир

Оставить комментарий